Коррупцияга шектелип, кызматынан четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июлга чейин тергөө абагында болот. Анын адвокаттары соттун бул чечимине каршы доо арыз даярдоодо.
Алымкадыр Бейшеналиевге ковидге каршы вакцина сатып алуулар боюнча коюлуп жаткан айыптар түрдүү суроолорго жем таштады. Анткени конкреттүү кайсы вакциналар, кайсынысы канча көлөмдө жана канча суммага алынганы сыяктуу толук кандуу маалымат азырынча ачык жарыялана элек.
Башкы прокуратура "Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылы чет өлкөлүк менчик компаниялардан вакциналарды көп санда негизсиз сатып алган деп айыптоодо. Башкы көзөмөл органы казынага келген зыяндын көлөмү 1 млрд 581 миллион сомго барабар деп жатат.
"Буга чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Россия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшкөн. Ошондой эле, президент Кытай жана Россиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 миллион дозадан ашык вакцинаны акысыз гуманитардык жардам иретинде ала тургандыгы макулдашылган. Буга карабастан, А.Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча чет өлкөлүк менчик компанияларынан 2 миллион 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган”, -деп көрсөтүлгөн Башкы прокуратуранын маалыматында.
Тергөө маалыматтарына караганда, вакцинаны ашыкча сатып алгандан улам мурункуларынан сактоо мөөнөтү өтүп, 243 миңден ашык доза жараксыз болуп калган.
Вакциналардын сактоо мөөнөтү тууралуу маселени Саламаттыкты сактоо министрлигинин азыркы жетекчилиги дагы козгоодо. Кеп бекер алынып келинген вакциналардын сактоо мөөнөтү да абдан кыска экендиги тууралуу болуп жатат.
"Гумжардам катары келген вакциналардын сактоо мөөнөтү алты эле ай болуп жатат. Алардын сапаты канчалык жакшы болсо, мөөнөтү ошончо кыска болот экен. Бирок алар чыккандан кийин бизге жеткиче эле эки айлык сактоо мөөнөтү жолго кетип калып жатат”,- деди парламенттеги жыйында саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков.
Анын айтымында, соңку бир жарым жылда алты миллион 168 миң 200 доза вакцина алынган. Анын 3 миллион 664 миң дозасы колдонулду: "Азыр биздин муздаткычтарда 2 миллион 503 миң 576 доза бар. Бул калктын 20% эмдегенге гана жетет”. Кыргызстанга Спутник V, Sinopharm, AstraZeneka, Pfizer, Спутник Лайт, Moderna жана Казакстан өндүргөн вакциналар алынып келгени белгилүү. Булардын арасынан кайсынысы талаш жаратып жатканы азыр так белгисиз. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Эмдөө борбору талаштуу вакциналар кайсы өлкөдөн экенин ачык айтуудан баш тартууда. 4-июнда кармалган Алымкадыр Бейшеналиев соттун жүрүшүндө өзүнө коюлган айыптарды четке какты: Бейшеналиев ковидке каршы вакцинаны өзү биринчи жолу алып аткан учуру " Буга чейин Марипов менен Бакашова бул боюнча кытай тарап менен макулдашканын айтышкан. Ошентип вакцинаны алганбыз жана өз убагында эмдөө жүргүзгөнбүз. Зыян болгон эмес. Ошону менен көп адамдардын өмүрүн сактаганбыз”. Министрлер Кабинетиндеги социалдык блокту мурунку вице-премьер-министр Жылдыз Бакашева 2021-жылдын октябрына чейин жетектеген. Ал өзүнүн Facebook баракчасында тийиштүү маалыматты жарыялап турган. "Республикалык штаб Министрлер кабинети менен коронавируска каршы вакциналарды алып келүү боюнча чоң иштерди жасады. Бул үчүн кытай элчиси Ду Дэвэнь менен бир нече жолу сүйлөшүүлөр өтүп, жыйынтыгында 11-июлда атайын рейс менен 1 миллион 250 миң доза алынып келинди. Анын 150 миңин кытай өкмөтү бекер берди”,-деп жазган. Screenshot Ж. Бакашева андан көп өтпөй өлкөгө Sinopharm компаниясынан дагы 1 миллион 250 миң доза Vero Cell вакцинасы, Орусия чыгарган "Спутник V”, европалык AstraZeneca вакциналары алынып келингенин да тизмектеген. Би-Би-Си ковидге каршы вакциналар жөнүндө сурап Бакашеванын өзүнө да кайрылды. "Республикалык штабды октябрга чейин мен жетектедим, бирок бул жерде "вакцина сатып алыш керек” же "сатып алуу тапшырылсын” деген маселе эмес, элди ковидден кантип сактап калабыз, келген вакциналарды кантип регионго жеткиребиз деген гана маселелер каралган”, - деди Бакашева. Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашкан окуялардан кийин дайындалган. Анын министр болуп тургандагы чечимдери, реформалык кадамдары, сөздөрү коомдо көп резонанс жаратканы белгилүү. Айрыкча анын басма сөз жыйынында өзү уу коргошун ичип көргөзүп, ковидди дарылайм деген билдирүүсү чоң дуу болгон. Ошол убакта Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаганда президент Садыр Жапаров өзү калкалап сактап калган эле. https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c6p42rj837ro