Либералдык валюталык режим;
ЕАЭБдин алкагында бажы тоскоолдуктарынын жоктугу;
Республиканын Дүйнөлүк соода уюмуна болгон мүчөлүгү;
Европа биримдиги менен соода-сатык жүргүзүүдөгү атайын льготалык режим (ВСП+). Мында товарлардын 6 200 түрү бажы алымынан бошотулган;
29 мамлекет менен кош салыктан баш тартуу боюнча келишим, анын ичинде Европа биримдигине мүчө-өлкөлөр бар;
32 мамлекет менен инвестицияны коргоо жана колдоо боюнча келишим, анын ичинде Европа биримдигине мүчө-өлкөлөр бар;
Эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) болушу (мүлк менен жерге киреше салыгынын жоктугу, ЭЭАнын аймагына кирген сырье менен жабдыктарына бажы алымы алынбайт);
Төмөнкү салык ставкалары (КНС — 12 пайыз жана пайда салыгы менен киреше салыгы 10 пайыздан);
Электр энергияга болгон баанын төмөндүгү.