Өткөн аптада Өнүгүүчү депутат Жалал-Абад шаардык кеңеши Авазовдун айынан бир бүтүмгө келе албай жатканын ачыктады.
10-февраль күнү “Сөз эркиндигин коргоо” комитети тарабынан Жалал-Абад шаарында шаардык кеңеш үчүн өткөрүлгөн тегерек столдо, “Өнүгүү” фракциясынын өкүлү Султан Тойгонбаев шаардык кеңештин ыркка келбей жатканына КСДП партиясынын мэрликке көрсөтүп жаткан талапкери себеп экендигин айтты.
Тойгонбаевдин айтымында, эл өкүлдөрүнүн баарысы акчанын арты менен депутат болушкан. Ошону үчүн да ар ким өз талапкерин колдоо менен алек.
“Ачыгын айтыш керек баарыбыз акча кетиргенбиз. Эми келише албай жатканыбызга мэрликке көрсөтүлүп жаткан адамдын талапкерлиги себеп болууда. КСДП Авазовдон башка талапкерин көрсөтсүн шайлап беребиз да, биригебиз”,- дейт С. Тойгонбаев.
Ал өз сөзүндө, буга чейин шаардык кеңештеги фракциялардын барына “өнүгүүчүлөр” 3 күн телефондорун өчүрүп, бир бүтүмгө келүү сунушун киргизгендигин айтып, “Эл алдында биз жооп беребиз. Атамбаев, Төрөбаев, Бабанов, Илмияновдор келип жооп бербейт. Ошондуктан өзүбүз чечели деп сүйлөшсөк дагы жыйынтык чыкпай жатат”,- деп билдирди.
Ал ортодо аталган жыйынга катышкан эл өкүлдөрү тарабынан мэрди депутаттар эмес, эл шайлай турган болгондо алда канча жакшы болоору айтылды.
Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги ички булактардын бүгүн, 13-февралда берген маалыматына таянсак, “өнүгүүчүлөрдүн” мындагы бут тирөөсүнөн улам КСДП мэрликке башка талапкер издеп жатат. Ошол эле тирешүүдөн соң шаардык кеңештин төрагалыгына “Өнүгүү” же “Ата-Журт” партиясынын өкүлү келүүсү мүмкүн.
Кошумча маалыматтарга ылайык, соодалашуу же болбосо сүйлөшүүлөр дагы 2 күндүк убакытты талап кылуу ыктымалдыгы бар.
Эске салсак, шаардык кеңештин соттошуудан кийинки сессиясы бүгүн 13-февралда өтөөрүн жаңы түзүлгөн “Ынтымак” коалициясы билдирген. Тилекке каршы жыйын айрым себептерден улам 16-февралга жылдырылганы маалым болду.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, "Взгляд"