"Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы" деген аталыш "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы" деп өзгөртүлдү;
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды;
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын катчылыгынын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчёттор, аталган мезгилдеги бюджеттин аткарылышы боюнча баяндамалар жасалды;
Өзбекстанда жана Кыргызстанда былтыр өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссияларынын отчёттору кабыл алынды;
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилди;
2023-жылы аткарылуучу иш-чаралардын планы жана бюджети такталды;
ТүркПА комиссияларынын төрагалары дайындалып, алардын орун басарлары шайланды;
Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.