Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:01
Ташиев: Ак-Сайдагы посттун ордуна милициянын пунктун ача турган болдук
16:56
ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды
21:29
УКМК: "Тамдык" кыргыз тараптын көзөмөлүндө, тажик жарандары заставадан чыгарылды
21:28
"Ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек". Садыр Жапаровдун кезектеги маеги
22:37
Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
22:36
Венгрия Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
22:35
"Кыргызстан улуттук электр тармагына" жаңы директор дайындалды
21:08
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат
21:07
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы
21:05
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти
17:44
Яндекс Go кызматы эми Жалал-Абадда иштей баштады
15:11
ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
15:10
Мекен чегин коргоо – ыйык милдет. Президент Кыргызстандын элине кайрылуу жасады
03:40
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны өсүп, 59 адамга жетти
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:43
Тажикстандын агрессиясы. 15 жаштагы кыргызстандык набыт болду
20:42
Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты
16:32
Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту
19:57
Парламентте Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү
19:54
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Кыргызстандын эки жай тургуну жабыркады
19:53
Азимбек Бекназаровдун акимдин орун басары болуп иштеген баласы кармалды
15:00
Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат
14:59
Москвада Кыргызстандын жарандарынын миграциялык көйгөйлөрү талкууланды
14:58
Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты
14:54
Нарын: болжолдуу наркы 100 млн. еврону түзгөн Куланак ГЭСи курулуп жатат
00:17
Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды
22:47
Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт – 400 миң доллар салынды
22:43
Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
22:42
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
22:40
Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт
17:20
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамы жанданат
00:59
Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту
00:55
Балыкчыда акча уурдоого шектелип, 2 эркек киши кармалды
15:25
Бекешев: банктар ыплас жол менен 10 млрд. сом тапты, пайдасын экономикага салсын
15:22
Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
15:20
Кыргызстан жыл башынан тартып мамлекеттик карызды төлөөгө 20,5 млрд сом багыттады
15:18
Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды
19:46
Министрлик: Форма кийип келбеген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албайт
19:45
8 айда бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөр түштү
19:44
Бишкекте Улуттук гвардиянын алдындагы эстелик оңдоп-түзөөдөн өттү
19:44
Жеке ишкерлерден опузалап акча алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
23:55
Кыргызстанда биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин жетиштүү кору бар
23:55
Элдияр Калдарбеков “Кыргызалтындын” төрагасы болуп дайындалды
23:47
"Кыргыз алтындын" жетекчилиги кетип, 33 жаштагы Калдарбеков башкармай болду
Бардык кабарлар

"Дөө Чыңгыз" атка конгон кримтөбөл кайра кармалды

Жаңылыктар
1 381
0

Бир аптадан бери коомчулукта сөз болуп жаткан "Дөө Чыңгыз" деген каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганы дайын болду.

Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 15-июлда таратып, Жумагулов эки кылмышка шек саналып жатканын билдирди.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15-июлда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды. Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Улуттук коопсуздук комитети Чыңгыз Жумагуловдун кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды. Учурда Жумагулов УКМКнын Тергөө абагында кармалууда. Жакынкы 48 саатта анын бөгөт чарасын сот аныкташы керек.

"Дөө Чыңгыз" аттыккан бул уюшкан кылмыштуу топтун анабашын кармоо Кыргызстанда бир аптадан бери сөз болуп жаткан. Тагыраагы, 8-июлда кечке маал Бишкектин түштүк бөлүгүндө атышуу болгону, бул күч кызматкерлери Чыңгыз Жумагуловду кармоо операциясы экенин бир нече маалымат каражаттары жазып чыккан. Атүгүл интернетке "Мерседес-Геллендваген" үлгүсүндөгү жол тандабастын алдын тороп токтогон кичи автобустун ичинен атайын кийимчен кишилер чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрсөткөн видео да тараган.

Бул күнү интернетте ички иштер министринин орун басары "Нурбек Абдиевдин атынан жазылган Жумагуловду кармоо боюнча багыттык маалымкат" деген сүрөт да жарыяланган. Көп өтпөй ИИМ бул маалыматты четке каккан билдирүү таратып, документ жасалма жана юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген.

Окуя болгон жерге барган журналисттер жол тандабаста Чыңгыз Жумагулов болгонун, аны кармоого аракет кылгандар УКМК кызматкерлери экенин билдиришкен. Анда кримтөбөлгө каршы андан жабыр тарткан жергиликтүү ишкерлердин бири арыз жазганы айтылган.

Ички иштер министрлигинин башкармалык жетекчиси Марлис Жумабаев "Азаттыкка" ырастаган.

"Каймана аты "Дөө Чыңгыз" деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, жетекчиси деп айтсак да болот. Ага уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн опузалап акча талап кылуу деген арыз түшкөнү үчүн УКМК ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп жатат".

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча комитет билдирүү таратып, маалымат каражаттарында жазылган Жумагуловду кармоо операциясында ок атылганы жана ал качып кеткени боюнча маалыматты четке каккан. Бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо аракеттери болгонун жашырган эмес.

Ошентип, бир жумадан соң УКМК алгач жарым-жартылай четке кагып жаткан Чыңгыз Жумагулов кармалды. Муну менен атайын кызмат ал боюнча медиа жазып жаткан маалыматтарды ырастагандай болду.

Кримтөбөлдү кармоодогу акыркы жагдай УКМКнын ишмердигине ар кыл пикирлерди жаратты.

Журналист Айданбек Акмат уулу соңку окуя бийликтин криминал менен күрөшүү аракетине көлөкө түшүргөнүн белгилейт.

"Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында"мындан ары криминалдар же мыйзам менен жашагыла, же өлкөдөн чыгып кеткиле" деп айткан. Мына ошондон кийин азыркы абал фиаско. Журналисттерге, укук коргоочуларга гана тап болуп, ал эми криминалды кармай албай калып, уят болушту окшойт. Аны жаап-жашырганга аракет кылышты. Эми бир жумадан кийин кармаганын жарыялап жатат, аны кандай шартта кармады, эмне келишим болгонун билбейбиз. Бирок Чыңгыз Жумагуловду канчага камашат, мурдагыдай болуп кое берип жиберишеби, ал да азыр белгисиз болуп турат".

Журналист белгилегендей, Чыңгыз Жумагулов алгач жолу кармалып жаткан жок.

"Дөө Чыңгыз" деген ким?

Кримчөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген ылакап ат менен таанымал 41 жаштагы Чыңгыз Жумагулов буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени, Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жашай турганы айтылып келет.

2016-жылы адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошонуп чыккан.

Мындан көп өтпөй, 2019-жылы Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Соттун жүрүшүндө Жумагулов эки берене боюнча акталып, "Бейбаштык” беренеси менен беш жылга кесилген. Анткени эки адамдын өлүмү боюнча ишти Жумагулов менен кошо кармалгандар моюнуна алган. Жыйынтыгында тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелип, 2021-жылы 10-июлда камактан чыккан.

Андан бери эркиндикте жүргөн аралыгында Чүй облусунун аймагында таасирдүү ишмердик жүргүзгөнү жөнүндө айтылып келген.

Ички иштер министрлиги өлкөдө үч-төрт кылмыштуу топ бар экени, аларды Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдер жетектерин билдирип келет. 2021-жылдагы расмий маалымат боюнча милициянын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун 1160дан ашык мүчөсү бар.

Буга чейин УКМКнын төрагасы тайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш болорун айткан.

Бирок буга карабай соңку мезгилде криминалдын таасири күчөп жатканы парламентте көтөрүлгөн эле.

 

 

https://www.azattyk.org/a/doeoe-chynggyz-atka-kongon-krimtoeboel-kayra-karmaldy-/31945019.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик