Президенттин администрациясы "Кумтөрдү" өткөрүп берүү процесси биротоло аяктаганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июлда, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.
Тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда элчи Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети тапшырылган. Анын ичинде "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" компанияларынын акцияларынын 100 пайызы "Кыргыз алтын" ААКтын менчигине толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр бар.
Бүгүн эле келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына которулганы белгиленди.
Жетишилген келишим төмөнкү пунктуларды камтыйт:
Centerra кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).