КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында аны менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү боюнча бир пикирде экендигин ырасташты.
ТИМдин берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстанга кытай эксперттеринин биринчи тобу келип, алар кыргыз адистери менен биргеликте жолдун кыргыз участогу боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүшүүдө.
КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Мүчөсү Ван И Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу регионалдык өз ара байланыштын стратегиялык долбоору болуп саналарын белгиледи. Үч өлкөнүн биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгында темир жол куруу долбоору өз ишин баштады.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары ошондой эле Кыргызстанда инфратүзүмдүк мүнөздөгү гранттык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашып, Кыргызстанда Айланма 2-Чүй каналын куруунун маанилүүлүгүн белгилешти.