Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
05:48
Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды
06:11
Кытай кыргызстандык студенттерге 23 мамлекеттик стипендия бөлдү
06:07
Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү
06:03
Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды
06:00
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
07:52
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
07:49
Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
07:47
Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери
Бардык кабарлар

Чек ара: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси көтөрүлдү

Жаңылыктар / Аналитика
2 350
0

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 27-августта жергиликтүү эл чогулуп, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселени чечүү боюнча бийликтен маалымат берүүсүн талап кылышты.

Алар кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, талаштуу тилкелерди аныктап-бөлүү маселелери Ташкент менен Бишкектин ортосунда кандай чечилип жатканы ачык айтылбай жатат деген нааразылыгын айтышты.

Бийлик, өкмөт жана тиешелүү органдар бул талаптар боюнча комментарий бере элек.

Уюштуруучулардын бири, активист Жумалидин Сопуевдин маалымдашынча, миңге чукул адам катышкан жыйында үч маселе көтөрүлдү:

"Биринчиси – айыл өкмөтүндө болгон жыйында эл Кемпир-Абад боюнча жогору жакта эмне сөз жүрүп жатканы тууралуу талап койгон эле, ошол тууралуу билүү. Экинчиси – 920 адам кол коюп, Жогорку Кеңешке жазган катыбыздын жообун билүү. Үчүнчүсү – Чолпон-Атадагы сүйлөшүүнүн мазмуну. Маселе эл арасында кайра көтөрүлүүдө”.

Мындан эки ай мурун мамлекет башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маалымат берген. Бул тууралуу "Элдик" фракциясынын лидери Акылбек Түмөнбаев билдирип, талаштуу тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр бүтүп калганы тууралуу маалымат алышканын айтып берген. Анын сөзүнө караганда, Кемпир-Абад суу сактагычынын чөйчөгүн 700 метрге түшүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Жергиликтүүлөр суу чөйчөк ылдыйлаган сайын жээктеги жерлерди азыр деле пайдаланып келе жатканын айтышып, чек ара тактала турган болсо, күрүч, жүгөрү жана башка эгин айдап жүргөн жерлеринен ажырап калуудан кооптонушууда. Куршаб айылынын тургуну Маман Абдуллаев буларды билдирди:

"Суу толбой калган жерлерди азыр деле өзүбүз иштетебиз. Бизге болсо суу толгондон ашкан жер миң гектардай болот, ошол жерди силер колдоносуңар деп атышат. Түшүнгөн кишиге бул эл иштетип эле жүргөн жер. 900-горизонталга чейин суу толсо, суусу менен жер Өзбекстанга өтүп кетет деген кооптонуу пайда болуп жатат".

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров да катышты. Ал эми район акими ошол күнү башка иш-чарасы болгондуктан катыша албаганын Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулу жыйындын катышуучуларына билдирди. Айыл өкмөт башчысы кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу расмий маалымат берип, элди такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды:

"Суу сактагыч түп-орду менен Өзбекстанга өтүп кетет экен, четине бара албай калат экенбиз деп дүрбөгөндү токтоткула, туугандар. Биздеги маалыматтар боюнча, кыргыз тарап азыркы учурда биз кандай колдонуп келген болсок, ошол боюнча калтыралы деп сунуштап жатыптыр. Азыр өкмөт, Жогорку Кеңеш, жалпы эле мамлекеттик органдар бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Биз элдеги түрдүү туура, туура эмес маалыматтарды аким менен чогуу тактап берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке жана башка органдарга да кайрылуу жибергенбиз".

920 адамдын колу коюлган кайрылууну Жогорку Кеңештин депутаты катары алганын Адахан Мадумаров элдин алдында ырастап, депутат катары жооп берүү үчүн жыйынга келгенин айтты.

"Балык кармайт экенбиз, мал багат экенбиз, шүгүр, көпүрө бизде калыптыр деп жүрө бергидей абалдасыңар. Менден сурадыңар, мен жооп бердим. Сууга компенсация алгансыңар дейт, кана? Каерде берилиптир? Мына, Токтогул суу сактагычы курулганы үчүн ал жерден көчүрүлгөн эл бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясынан жеңилдик алышат. Кумтөр кенин казганы үчүн ал жактагылар компенсация алышат. Кана, Өзгөндүктөр эмне алдыңар?".

"Кемпир-Абаддын жери кетип, суусу калабы?"

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны былтыр 24-25-мартта Ташкентте өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун айткан.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын жарыялаган.

Бул билдирүүлөрдөн кийин бийликтин чечимине каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн. Өзгөндөгү чек ара маселесине арналган нааразылык жыйындардын бирине барган Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

"Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген Ташиев.

Кыргыз-өзбек чек арасын быйыл тактап бүтүү аракети

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү андан бери да уланууда. Кезектеги жолугушуу 9-17-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилген эмес. Кыргыз тараптан комиссиянын жетекчиси Назирбек Бөрүбаев Өзбекстан менен чек араны жыл аягына чейин толугу менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын "Азаттыкка" маалымдаган.

"Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз", - деди Бөрүбаев.

"Чек ара маселеси кылдат мамилени талап кылат"

Социалдык тармактарда да кыргыз-өзбек чек арасын чечүүгө байланышкан сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берилбей жатат деген сын-пикир бар.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков чек ара маселеси этияттык менен кылдат чечилүүчү көйгөй экенине токтолду:

"Чек ара маселеси назик, терең ойлонулган, улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбеген абалда чечилиши керек. Азыркы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ачык айкын элге жеткирип, процесс болуп жатканын билдириш керек. Бул маселе көйгөй эмес, бул достукта, ынтымакта, боордоштукта жашай турган чек ара болуш керек деп, чек арада жашаган элге эле эмес, жалпы коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Жакшылыкка, эки тарапта позитивдүү мамилеге, климатка алып келе тургандай абалда иш жүргүзүү абзел. Өзбекстандын азыркы президенти коңшулар менен ынтымакта, тынчтыкта жашаш керек деген саясат жүргүзүп жатат. Биздин өлкөнүн саясаты да башынан ушундай болчу. Ушундай кырдаалда чек аранын 15% чечилди. Мындан ары да эки тараптуу кызыкчылыкка залакасы тийбеген сунуштар менен чек ара маселесин чечүү кажет".

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85% толугу чечилип, документтештирилген. Андан бери дагы 10% ашыгы ооз эки такталганы кабарланган, бирок расмий келишимге кол коюла элек.

Тактала элек тилкелердин катарында чечилиши татаал болуп жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы, Уңгар-Тоо, Чоң-Сай сыяктуу аймактар бар.

 

 

https://www.azattyk.org/a/chek-ara-oezgoendoe-kempir-abad-maselesi-koetoerueldue/32009256.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик