2022-жылдын 8 айында мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйналды. Белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млрд 829,4 млн сомго көп салык жыйналган.
Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен камсыз кылынган.
Салык жана төлөмдөрдү жыйноо түзүмү: КНС — 32%, Кумтөрдөн келип түшүүлөр — 21,9%, пайда салыгы — 16%, киреше салыгы — 10,7%, акциз салыгы — 6,6%, сатуу салыгы — 4%, салыктын башка түрлөрү — 8,8%.
https://24.kg/kyrgyzcha/243966_8ayda_byudjetke_99mlrd_9614_mln_som_salyik_jana_tolomdor_tushtu/