Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалуу президент Рахмондун саясатынын натыйжасы, анын аракеттеринин артында жамааттык батыштын кызыкчылыктары турат. Кытайды ооздуктап, Россияны алсыздандырууга багытталган чоң оюн жүрүп жатат. Мен ШКУнун саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин чыккан бул чагымчылдыкты кокустук деп эсептебейм жана бул өтө кооптуу тенденция. Бул тууралуу "Кабар” агенттигине саясий серепчи Марс Сариев билдирди.
"Мен ушундай болушу мүмкүн экенин мындан 3 ай алдын Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган трансконтиненталдык транспорттук коридордун курулушуна олуттуу көңүл бурула баштаганда эле айткан элем. Рахмон Батышка катуу көз каранды болуп, анын тарабында ойношу толук ыктымал. Жок дегенде Тажикстанда АКШнын демөөрчүлүгү астында өткөн машыгууларды эске сала кетели. Бул ачык сигнал болду.
Чек арадагы акыркы чыңалуу учурунда биздин чек арачылар Тажикстандын аймагынан кимге таандык экени белгисиз болгон жакшы куралданган согушкерлерди байкашкан. Душанбе чек ара аймактарында абалды ушунчалыкка жеткенче көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн эмес. Мындан тышкары, каршы тарап Баткен облусуна жакын аймакка оор техникаларды жана анын бөлүктөрүн алдын ала тарткан. Бул Рахмондун түздөн-түз катышуусусуз мүмкүн эмес”, - деди эксперт.
Саясий серепчи ШКУнун Самарканддагы саммитинде Батыштын ири оюнчуларына туура келбеген жаңы геосаясий абал калыптанып жатканына көңүл бурат.
"Экономикалык жактан өсүп жаткан Кытай үчүн жаңы геосаясий мүмкүнчүлүктөр батыштык глобалисттерди коркутууда. Пекиндин "Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу негизги кыжырданткан нерсе болууда, анткени ал улуу географиялык ачылыштар доорунан бери англосаксондор тарабынан толугу менен көзөмөлдөнүп келген деңиз жолдору үчүн олуттуу атаандаштыкты жаратат. Тарыхты карап көрсөк Биринчи дүйнөлүк согуш Германиянын Берлинден Багдадга темир жол курууну чечкенинен кийин башталган.
Деңиздердеги таасирин жана ресурстарын жоготуп алуудан корккон Англия сербиялык студенттердин эрцгерцог Фердинандга кол салуу аракетин уюштурган. Германия согушта жеңилип, анын бардык долбоорлору ишке ашпай калган. Бул Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасындагы азыркы кырдаалга окшош көрүнүш.
Демек, Душанбенин Кыргызстанга каршы агрессиясы Кытайды ооздуктап, Россияны алсыратууга багытталган. Кыргызстан геосаясий туңгуюкка кептелди. Рахмон абдан кооптуу оюнга кирди, анын аягы абдан жаман болушу мүмкүн", - деп сөзүн жыйынтыктады Сариев.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен тажикстандын чек арасындагы чыңалуу 14-сентябрда башталган. Ал эми бүгүн эртең менен коңшу тарап эч кандай доомат койбостон, чек аранын бардык узундугу боюнча Баткен облусундагы чек ара аймактарын оор куралдардан аткылоого киришти. Ок атышууну токтотуу боюнча бир катар келишимдерге карабастан аткылоо уланууда.