Учурда өлкө бюджетинен дээрлик 500 млн сом (497 млн 600 миң) бөлүндү. Бул сумма жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле зарыл эвакуацияланган жарандарды жана жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүү пландаштырылууда.
"Учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Жалпысынан Баткен облусунда 45 убактылуу жайгаштыруу борбору ачылган. Ош облусунда 5301 адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Мындан тышкары, Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалган”, – дейт минкаб.
Республика боюнча гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн 188 пункт уюштурулган.
ӨКМ берген маалыматка таянсак, учурда Баткен облусуна жалпысынан 686 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам бар. Республиканын бардык аймактарынан чогулган гуманитардык жардам 45 жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлгөн.
Баткен жана Ош облустарына жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү атайын банк эсебине 100 млн сомго жакын акча которулду.
Бул эсепке мамлекеттик кызматкерлердин жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуулар, Кыргызстандын жарандарынын, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин которгон каражаттары келип түшүүдө.