Коммерциялык банктар тарабынан берилген керектөө кредиттеринин жалпы көлөмү 2022-жылдын август айынын аягында 28.6 млрд сомдон ашты. Жай айларында өсүү 4.2 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк берди.
Регулятордун берген отчетунда май айынын аягында керектөө кредиттеринин портфели 24.3 млрд сом деңгээлинде болгону айтылат. Эң көп өсүш августта байкалган – кредиттердин көлөмү 27 млрд сомдон 28.6 млрд сомго чейин өскөн. Ошол эле учурда керектөө кредиттеринин эң жогорку орточо пайыздык чени – 22.92% болуп эсептелет.
Жалпысынан жай айларында комбанктардын жалпы кредит портфели 6 млрд сомго гана өстү, тагыраак айтканда, май айында 187 млрд сом болсо, август айында 193.1 млрд сомго жетти. Эгерде валюталар менен эсептесек, анда улуттук валютадагы кредиттердин көлөмү дээрлик 9 млрд сомго өсүп, 147.6 млрд сомду түздү.