Парламентте "Кумтөр голд компани" ишканасынын айланасындагы чууну иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
Анын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирди:
Комиссия бир жарым айдын аралыгында маселени изилдеп чыгып, парламентке маалымат берет.
Белгилей кетсек, Кумтөрдөн казылган 19,2 тонна алтындын аты аталбаган өлкөлөргө сатылышы тууралуу чуу чыккан. Андан тышкары, "Кумтөр голд компани" ишканасынын директору Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура компанияда коррупциялык схема түзүлүп мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.