Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Чек арага чекит коюшубуз керек! Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Жаңылыктар / Интервью
8 772
0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Өзгөндө Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип, жөө жүрүш өттү. Дегиле, ушул суу сактагыч боюнча чечим кандай болгон атат? Кемпир-Абад толугу менен өзбек тарапка өтүп кетет деген кооптонуулар канчалык негиздүү?

Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз.

60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.

Эми тарыхий- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат.

Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө.

Мисалы, алар берген жерлерге кайсы айылдарыбыз курулганын айтып берейин.

-Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы 758 гектар жерге курулган.

-Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган.

-Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган.

-Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.

-Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган.

-Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган.

-Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат.

-Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган.

-Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бизге өткөрүп берген бардык архивдик документтери турат.

Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп турат. Анан эле азыр саясат кылып, "Кемпир-Абадды берип жиберип атышат" деп, биз бүгүн берип жаткандай кылып айтып жатышат. Бул - акмакчылык.

Биз азыр эмне кылдык? 1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун гоизонтун 900 гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат.

Калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 километрден ашык узундуктагы чек арабызды чечип атабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек.

Чагымчылдар ушуну түшүнүп туруп эле элди тескери жака бурганга аракет жасап жүрүшөт. Канча жолу аларга түшүндүрдүк, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбейт экен. Аларга эптеп эле чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салыш максат экен. Биз андайга жол бербейбиз. Демократия десе эле аша чаап бара жатышат.

Тобо дешибиз керек. Элибиз чагымчылдарды ээрчип кетпей баарын туура түшүнүп турушат. Митингдерди, кечээгидей жөө жүрүштөрдү уюштурууга кайдан, кимден акча каражат алып келип жаткандарын дагы билебиз.

Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. "Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула" дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз.

Ал жерди 70 жылдан бери суу басып жатат. Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы түгөнөт. Макул 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден 4000 гектар берип теңме-тең алмашып алсак болот, айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек?

Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам беришели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол коюштук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан, чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз.

http://kg.kabar.kg/news/chek-araga-chekit-koiushubuz-kerek-sadyr-zhaparovdun-kezektegi-maegi/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно