Илимий жыйынга университеттин жалпы жамааты, КР УИАнын өкүлдөрү, жаш
илимпоздор жана студенттер катышты. Окуу жайдын ректору доцент,
Ж.Ж.Турсунбаев илим күнү менен жалпы жамаатты куттуктап, илимий иштерине
ийгиликтерди каалады. Университеттеги илимий жетишкендиктерге ээ болгон
профессордук-окутуучулук курамга, жаш илимпоздорго ардак грамоталар
тапшырылды. Учурдун негизги талабы болгон илимий изилдөөлөр боюнча
докладдар окулду.
Кыргызстанда илим күнү өкмөттүн 2002-жылдын 14-январындагы токтому менен
аныкталган. Жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Илим курчап турган дүйнөдөгү
мыйзам ченемдүүлүктөрдүн коомдук аң-сезимде чагылдырылышы жана коомдук
тажрыйбалардагы талаптардан жана муктаждыктан пайда болуп, коомдук
турмуштун материалдык прогресси менен бирге өз кезегинде коомдун өсүпөнүгүшүнө көмөк берет.
Источник: https://www.turmush.kg/news:481478