Билдирмеге караганда, Байсалов билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгонун айтып, президенттин тапшырмасы менен курулуп башталган 15 мектептин 13ү ачылганын белгиледи.
"Жакынкы жылдары билим берүү тармагына инвестиция тартуу артыкчылыктуу багыт болуп, окуу китептерин даярдоо, мектеп программасын өзгөртүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу маселелерди камтуу менен билим берүү системасы толугу менен кайрадан каралып чыкмакчы", — деген Байсалов.
Үч кабаттуу мектептин имараты 750 окуучуга ылайыкташып, ичинде окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйын жана спорт зал бар.
Источник: https://sputnik.kg/20221111/ak-ordo-mektep-surot-1069897249.html