"Эсимденин" дүйнөлүк бет ачары Жапониянын борбору Токио шаарында 35-эл аралык кинофестивалда өткөн. Фестивалга тасманын режиссеру Актан Арым Кубат да катышкан.
"Эсимде" фильминде Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде тентип жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, акыры селсаяк болуп калган жеринен таап, өз айылына алып келет.
Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат, уулу Кубаттын ролун режиссердун уулу - Мирлан Абдыкалыков аткарган.
Ата-уул режиссердун атактуу "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" трилогияларында да башкы каармандардын ролун аткарышкан. "Эсимде" тасмасынын бет ачары Кыргызстанда 18-ноябрга белгиленген.
Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгы быйыл 15-жолу берилип жатат.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32127817.html