Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция катталды.
Эскерте кетсек, "сом — рубль” валюта жубу менен соода 31-октябрдан тарта жүргүзүлө баштаган.
Алгач суроо-талап болгон эмес, андан соң кийинки күнгө белгиленген эсеп менен операциялар башталды.
Жалпысынан 807,5 миң рублдик соода болду. Сумма сом менен көрсөтүлгөн эмес, бирок эсептей келгенде 1,1 миллион сом болгону аныкталды.