Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:39
"Кумтөр" Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө 1,4 млдр сом бөлөт
05:18
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип машина чыгарууну пландоодо
03:27
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду
03:21
Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду
03:04
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат. Себеби
02:40
Орусияда мекендештерин тоногон төрт кыргызстандык кармалды
23:25
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын бизнес-форуму өтөт
23:24
Кыргызстандыктардын Болгарияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралууда
23:23
Россияда окуган кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот
23:20
Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыяланды
23:16
Москвада оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар мейманканада бекер жашай алышат
23:12
БУУ: Миграциядан улам кылымдын аягында тилдердин көбү жоголушу ыктымал
19:42
Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 25 ишкананын ишке киришин каржылоону пландоодо
19:36
2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү
19:34
Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды
14:40
Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды
13:34
Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулду
12:12
Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат
07:57
Кыргызстанда бир суткада КРВИ менен сасык тумоонун 507 учуру катталды
05:02
Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды
04:56
"Камбар-Ата-1": үч өлкө макулдашууга кол койду
04:51
Изилдөө: 2100-жылы мөңгүлөрдүн 68% жоголушу мүмкүн
05:30
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору
07:18
Президент Жапаров чек ара маселесин чечүүнү убада кылды
07:13
Күрөш дүйнөсү уюму Жоламан Шаршенбековду мыкты балбан деп тапты
07:12
ТИМ Кытайга баруу эрежелери жөнүндө маалымат таратты
04:53
Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат
04:39
Футбол легендасы Пеле дүйнөдөн кайтты
03:56
Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү
03:55
Жаңы жыл майрамында өлкөдө 12 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:14
Өзбекстанда "Док-1 Макс"дарысынан уулуу зат табылды
05:43
Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту
10:34
2022-жылдын башынан бери ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү $1,3 трлн түздү
10:30
Азия чемпионаты: Кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланканы утуп алды
10:29
Элчи Кадыркулов Украинанын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолукту
10:27
Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи
06:26
Кыргызстандык балбандар таяк тартыш боюнча АКШда өткөн мелдеште 5 медаль жеңди
06:25
Жөө күлүк Самат Казакбаев Казакстандагы эл аралык мелдеште күмүш медаль багындырды
03:47
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты
02:14
Садыр Жапаров Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды
22:38
Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат
05:15
Кыргызстандык окуучу Бакудагы эл аралык олимпиадада күмүш медаль утту
05:14
Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпонатында кичи коло медалга ээ болду
Бардык кабарлар

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?

Жаңылыктар / Кыргызстан / Коопсуздук / Экономика
679
0

Азыр коомдук-саясий кырдаал чыңалып турат. Массалык тополоң уюштуруп, бийлик кулатууга даярдык көрдү деген шек менен камалган активисттер жана саясатчылар жыйырмадан ашты. Аларды бошотууну талап кылып чыккан Азиза Абдрасулова сыяктуу укук коргоочуларды кармап кетишүүдө. Бир катар бейөкмөт уюмдардын ишин, каржылоо булактарын текшерүү башталды. Президент администрациясы иштеп чыккан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун медиа эксперттер орус мыйзамынын көчүрмөсү деп четке кагышууда. "Азаттык" радиосунун расмий сайты эки айга бөгөлдү, ТВ программалары КТРК менен НТСтен алынды.

Укук коргоочулар мына ушул окуяларда Конституцияда каралган адам укуктарынын бузулушу, сөз эркиндигине болгон кысым жөнүндө айтып жаткан чакта, Элдик курултайга чогулган делегаттар, өзгөчө анын ичиндеги журналисттер, бул проблемаларды көтөрөбү деген суроо турат.

Элдик курултайга делегат болуп шайлангандардын арасында белгилүү журналисттер жана коомдук ишмерлер бар. КТРКнын белдүү журналисттери Макен Чекиров, Чынар Капарова жана "Азаттыктын" мурдагы кызматкери Марат Тагаев, коомдук ишмерлерден Жаңыл Түмөнбаева, Кемел Ашыралиев, Тынычбек Табылдиев, Кадыр Кошалиев, Бейшенбек Абдразаков жана башкаларды атасак болот.

"Кара кылды как жара сүйлө"

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт? 

"Элдик курултайга Нарын облусунан шайланган 128 делегат облустун атынан негизги сөз сүйлөй турган баяндамачы кылып мени шайлашты. Көйгөйлөрдү көтөрүп, кара кылды как жара сүйлө дешти. Облустук жыйын буркан-шаркан эмоция менен өтүп, төрт саатка созулду. Жердештеримдин колдоосуна ыраазычылык билдирем!",-деп жазды Марат Фейсбуктагы баракчасына.

Бул журналист Кемпир-Абад жана Жетим-Тоо маселесинде бийликтин позициясын колдоого алып келатканы белгилүү. Ошондуктан элдик курултайда анын кайсы өңүттө сүйлөй турганы да түшүнүктүү деп комментарий жазгандар болууда.

"Бийликти макта, бийликке жага турган сөздөрдү айт деген тапшырма менен тандагандыр. Жетим-Тоону ачсак укмуш өнүгөбүз деген докладды даярдай баргыла",-деп жазды мисалы Айбек Осмонов.

Чынар Капарова дагы дал Мараттыкындай пост жазып жарыялады.

"Бишкектен сүйлөйм! Элдик курултайга Бишкек шаарынан шайланган 60 делегат ордо калаанын атынан негизги сөз сүйлөй турган баяндамачы кылып мени шайлап беришти. Көйгөйлөрдү көтөрүп, кара кылды как жара сүйлө дешти".

Би-Би-Си бул журналистке элдик курултайда кандай маселелерди көтөрө турганын сурап кайрылды.

"Эң негизгиси жол маселеси, Фучикте эстакадалык көпүрө куруу, мектептерге кошумча имараттарды куруу, бала бакчаларды куруу, жолдорду кеңейтүү, ыш маселеси, баш-аламан курулуштарды токтотуу сыяктуу маселелер биринчи кезекте турат",-деди Чынар Капарова.

Кытай менен темир жол темасы

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт? 

Белгилүү инженер жана тарых жазуучу Асыкбек Оморов дагы Бишкектен Элдик курултайга делегат болуп шайланды. Ал курултайдын трибунасынан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана кытай фактору жөнүндө чыгып сүйлөгөн жатат.

"Мен инженер картограф катары эки жыл долбоор даярдап, патент алгам. Менин долбоорум боюнча темир жол Ат-Башынын Арпасынан чыгып Батышты көздөй, Каракол деген жети жарым километр тоону тешип өтөт туннел менен. 20 метр ылдый болот. Булардыкы үч райондон үч туннел, баардыгы 39,5 километр. Меники боюнча болгону жети жарым километр. Аралыгы 230 км. А булардыкы 452 км. Үчүнчү вариант 380 км. Булар тыныгуу базаны Тогуз-Торонун Макмалына коюп атат. Поезд Тогуз-Торого түшсө, андан чыга албайт. Саймалуу-Таштын түбүнөн, Курманбек баатыр калмактарды кырган жерден, Кырчын деген ашуудан 14 км тешип, Сузакка чыккан атат. Булардын сметасы 7,5 миллиард доллар. А меники 1,3 миллиард. Кеп бул жерде эң чоң коррупциялык схемада болуп жатат...,-деди Би-Би-Сиге Асыкбек Оморов.

Самаркандда сентябрда болгон саммитте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө бүтүм болгон. Кытайдан жүздөн ашык инженер адистер келип, азыркы убакта темир жолдун маршрутун, техника-экономикалык негиздерин иштеп чыгып жатканы кабарланган.

Кытай темасы Кыргызстанда абдан сезимтал маселелерге кирет, коңшу өлкөнүн дүйнөгө жайылып жаткан гегемониясынан чочулоо чоң. Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинен, Казармандагы алтын кенинен кытай компанияларын жергиликтүү эл кууп чыккан учурлар болгон.

Убактылуу жобо

Элдик курултай президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде өткөнү жатат. Анткени, элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жаратпай четке каккан.

Убактылуу жобо боюнча Элдик курултайга миң делегат чакырылат, анын 960 - административдик-аймактык бирдиктерден, 28 - чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан, 10 делегат конфессиялык коомчулуктан шайланып келет.

452 айыл аймагынын ар биринен экиден делегат, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден делегат болот.

Эң башында Бишкектен он, Оштон алты делегат чакыруу каралган, кийин жобону кайра карашып, баш калаага 60, Ош шаарына 30 орунга квота бөлүндү.

Элдик курултайдын делегаттары бир жылдык мөөнөткө шайланат. Алар курултайдын төрагасын, орун басарларын, катчысын, Аксакалдар кеңешин шайлайт.

"Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши Элдик Курултайдын жумушчу органы болуп саналат, ал Элдик Курултайдын жыйналыштарынын ортосундагы тыныгууларда Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана кезектеги Элдик Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды чогултат жана жалпылайт",-деп жазылган жободо.

Президенттин укугу

Элдик курултайга ошентип даярдык кызуу көрүлүп жатканда аны өткөрүүгө президенттин укугу жок эле деген сын пикирлер да болбой койгон жок.

"Президенттин курултай өткөрүүгө укугу жок",-деп билдирген ЖК депутаты Исхак Масалиев Би-Би-Сиге. - Булардын администрациясы каалаган эрежени жазып алып, регламент десе, бул туура эмес да".

Элдик курултай чакыруу менен президент эң оболу саясий максат көздөп жатканы үстүртөн түшүнүктүү. Элдик курултайдын колдоосун алып, оппозициянын оозун жабуу, туурадан чыгып каяша айткандарды кайра четке сүрүү, жолду тазалоо. Балким, мындан да конкреттүү, стратегиялык максат бар.

Ошол эле убакта өлкөдө бийликтин уйкусун бузуп бакырган деле күчтүү оппозиция көрүнбөйт. Ал эми Жогорку Кеңеш президент менен курултайды кой, бир жылдан бери өзүнүн регламентин кабыл ала албай, убара тартып келди.

"Курултайды топтоп туруп, Жогорку Кеңешти ордуна коебуз деген ою бар. Бирок анын канчалык кажети бар, түшүнбөйм. Себеби Жогорку Кеңеш азыр деле президентке баш ийген орган болуп кетти", -дейт Исхак Масалиев.

Азыркы кымбатчылык менен каатчылык каптап турганда, социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы, мамлекеттик жөлөк-пулдардын масштабдуу түрдө көбөйгөнү элге жакшы болду. 1-октябрдан пенсия дагы көбөйтүлдү. Ырас, көбөйтүлгөн айырманы кашайгыр инфляция жеп коюп атат, бирок эмгек акы, жөлөк пулдар мурдакы бойдон калса, кырдаалды элестетүү кыйын болмок.

Ошол эле убакта өлкөдө балдар көбөйүп, мектеп менен оорукана жетпей турганда, коопсуздук кызматынын имараттары жапырт жаңыланып, улам биринин салтанаттуу ачылышы болуп жатат.

Бириккен оппозиция менен жарандык коом президенттен "Кумтөрдүн" алтыны каякка сатылган деп отчет талап кылууда. Президенттин агасынын Швейцариядан алтын куйма кармап түшкөн сүрөтү шек саноону ого бетер күчөттү. Президент "мындан трагедия кылуунун" кереги жок деп түшүндүргөн менен буга эл канчалык ишенди, ал башка маселе.

Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/world-63580054

скачать dle 11.0фильмы бесплатно