Акыркы 200 жылда Жердин калкы 8 эсеге көбөйдү. 1900-жылдардын башында планетада бир жарым миллиард киши жашаса, 2000-жылдардын башында 6 миллиардга жеткен, 2011-жылы 7 миллиард болгон. Соңку 11 жылда дагы 1 миллиардга көбөйдү.
БУУнун баамында, Жер шарынын калкы 2037-жылы 9 миллиардга, 2058-жылы 10 миллиардга жетмекчи.
Эң көп киши Кытай жана Индияда жашайт. Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ал өлкөлөргө дүйнө калкынын 36 пайызы туура келет. Бул – 3 миллиард кишиге барабар. Прогноздорго караганда, Индия 2023-жылга карай Кытайдан ашып өтүп, дүйнөнүн эң көп калктуу өлкөсү болуп калат деп күтүлүүдө.
Ошол эле маалда БУУ калктын өсүү темпи акыркы мезгилде жайлап калганын белгилейт. Алсак, 2050-жылга чейин 60тан ашуун өлкөнүн калкы бери дегенде бир пайызга азаят. Буга балдардын аз төрөлүшү, айрым учурларда массалык эмиграция себеп болууда.
19-октябрда Кыргызстандын калкы 7 миллион кишиге жеткени жарыяланган. Өлкө калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32131740.html