Анын айтымында, «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Урмат
Маматов, Мирлан Туманов жана Шерзат Мадумаров мандатын тапшырды.
Алардын ордуна тизмедеги кезек боюнча Айбек Жолдошев, Наби Юлдашев жана
Байгазы Эргешов келди.
Айбек Жолдошев буга чейин «Жалал-Абад-Тазалык» муниципиалдык мекемесинде
жетекчи болуп иштечү. Ал кызматын тапшырып, мандат алды. Ал эми Наби
Юлдашев «Жалал-Абад жашылдандыруу» чарбасында жетекчи болуп иштеп
кеткен. Байгазы Эргешов буга чейин «Нур-Телеком» жоопкерчилиги чектелген
коомунда эмгектенген.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:482383