Кылмыштын чоо-жайы:
Урмат 2022-жылдын 5-сентябрында саат 11:00 чамасында кошунасы – Таш-Көмүр
шаарынын Теңдик айылынын 1995-жылы туулган тургуну Нурбайдын (аты
өзгөртүлдү А.Н) үйүнүн короосуна кирип барып, бакта байланып турган тайган
итин бешилик башка уруп, бешиликтин башы чыгып кеткенден кийин анын сабы
менен уруп өлтүрүп койгон.
Аны менен токтоп калбастан 6-сентябрь күнү саат 19:45 чамасында 1952-жылы
туулган кошунасы Акылбектин (аты өзгөртүлдү А.Т., Нурбайдын атасы) үйүнө
барып, мурдагы начар мамилеринен келип чыккан чырдан улам аны урган.
Акылбек анча оор эмес жарат алган.
Урмат эмне дейт?
Сотто Урмат айыбын жарым-жартылай мойнуна алды. 6-сентябрда саат 19:45
чамасында үйүнө кирип бара жатканда кошунасы Нурбайды көрүп калып, ага
«Итиңди байлап карабайсыңбы. Менин үндүктөрүмдү жеп салды» десе, ал «өзүң
үндүктөрүңдү карап бакпайсыңбы» деп аны оозго алгыз уят сөздөр менен
тилдеген. Ачуусу келип жерден кесек алып, аны уруп жиберген. Бирок Нурбай
дагы таш менен ура баштаганда жанында кызы бар болгондуктан ага тийип
кетпесин деп аны үйүнө киргизген. Өзү Нурбайдын атасы Акылбектин үйүнө
(кошунасы) чуркап кирген. Ал жерден Акылбек экөө мушташа кеткен.
Бул окуядан 1 күн мурда Акылбектин ити анын үйүнө кирип тоогун жеп кеткен.
Ошондуктан ит байланып турган учурда бешилик менен катуу уруп өлтүрүп
салган. Кошунасына буга чейин «итиңди кара» деп бир нече жолу эскерткен.
Урмат өзү дагы Акылбектин үстүнөн арыз жазып, учурда тергөө амалдары жүрүп
жатканын, өзүнө болсо мыйзам чегинде чечим чыгарууну суранды.
Нурбай эмне дейт?
Ал эми Нурбай болсо Урмат итин өлтүрүп, атасын дагы уруп, денесине анча оор
эмес жаракат келтиргендигин, чыр «менин үндүк-тоокторумду силердин итиңер
жеп жатат» деген дооматтан улам чыккандыгын белгилеп, айыпталуучуга карата
мыйзам чегинде чара көрүп, ити үчүн 20 миң сом өндүрүп берүүнү суранды.
Акылбек эмне дейт?
Акылбек 5-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарына өзүнүн иштери менен барып,
кайра саат 19:00 чамасында үйгө келген. Короосунда ити өлүп жатканын көргөн.
Муну кошунасы Урмат кылганын билген. Себеби ал мурда ага «итиңер менин
үндүктөрүмдү жеп жатат» деп бир нече жолу айткан. Итин өлүмү боюнча милиция
кабар берген. Эртеси 6-сентябрда Урмат менен айтышка кетип, ал таш менен ура
баштаган. Андан кийин үйүнө кирип отурса Урмат басып келип, бир нерсе менен
башка уруп, сабап кеткен.
Акылбек буга катар эле Урмат азыркы убакта баласы Нурбайга ар кандай
провокация кылып жаткандыгын белгилеп, ага камакка байланышкан катуу жаза
берүүнү жана моралдык чыгым үчүн 30 миң, жаракат алып бош жүргөн күндөрү
үчүн 5 миң сом өндүрүп берүүнү суранды.
Соттун өкүмү:
Урмат Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин 1-бөлүмү (жаныбарлардын
денесин оорутуу же азап тарттыруу максатында аларга ырайымсыз мамиле жасоо,
ошого тете анын өлүмүнө же жаракат алышына алып келген бейбаштык же пайда
көрүү ниети менен ошого тете кыйноо) менен күнөөлүү деп табылып, 50 саатка
коомдук иштерге тартылды. Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү
(өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 130-беренесинде каралган
кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы
эмгекке жарамдуулугунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга
алып келген ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен айыптуу деп
табылып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-
беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу)
негизинде ага 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды. Өкүмгө
нааразы тарап 30 сутка ичинде Жалал-Абад областтык сотуна апелляциялык
тартипте даттанууга укуктуу.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:481638