Облустук милициянын маалыматы боюнча, ал 2022-жылдын 9-ноябрында саат
23:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Учурда Айнура
Ирисалиеванын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына
байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам
сурайт.
Белгилери: Бою 160-165 см, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара, узун, орто дене
түзүлүштө.
Кийген кийимдери: ак түстөгү жоолук, кара түстөгү узун плащ, сары түстөгү узун
көйнөк, кара түстөгү галош.
Айнура Ирисалиева тууралуу маалыматы барлар 102, (03722) 7 39 90, 0553 78 00
78, 0771 93 60 70 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:482239