Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"

Жаңылыктар / Кыргызстан / Интеграция / Экономика / Аналитика
7 940
0

Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз" 

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке өзү келип сүйлөп, чек ара боюнча макулдашууну колдоп берүүгө чакырды.

Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жер Өзбекстан менен алмашылып жатканына токтолду. Өлкө башчысы "Кемпир-Абаддагы" суу кылымдар бою агат деп эсептейт.

"Суу түгөнүп, суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңме-тең башка жерден берип, ошол замат алмашып алсак болот. "Айланайын" деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок", - деди Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров бул маселени кийинки муунга калтырууга болбойт экенин айтты.

"Бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн өтө оор болуп калат. Күндөн күнгө, жылдан жылга кошуна элдердин саны өсүп жатат. Жерлер тарып бара жатат. Кийин чечебиз деп калтырып койсок, ошол мезгилде 19 миң гектар эмес, бир сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле жөнөкөй аскерлерибиз, жарандарыбыз чек ара чырынан өтүп кетишти."

"Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алып жатабыз", - деди президент.

"Бийликке оппозиция боло бериңиздер, бирок мамлекетке оппозиция болбоңуздар", -деп сын айтып каршы болуп аткан депутаттарды жоопкерчиликке үндөдү.

 

Эки коңшу өлкө отуз жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келаткан чек арадагы талаштуу маселелерге чекит коюну максат кылууда.

Бир эле убакта бул Кыргызстандагы эң курч талаш-талкуу жаратып, саясий кырдаалды чыңалууга жеткирген маселе болуп калды. Кемпир-Абад суу сактагычынын таманындагы жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 26 активист жана саясатчы "массалык тополоң чыгарууга даярдык көргөн" деп айыпталып, эки айга камакка алынды.

Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча базалык келишимге ылайык, Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 миң 849 гектар, ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар, Баястан участогунан 212 гектар, Уңгар-Тоодон 35 гектар, Кара-Суу районундагы Ак-Таш участогунан 100 гектар, Кара-Белестен 25 гектар, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар, Кемпир-Абадда суунун көлөмүн 908ден 900-горизонталга түшүргөндө 1 миң 246 гектар, ошону менен жалпысынан 15 миң 572 гектар жер Кыргызстанга өткөнү жатат.

Депутаттар эң көп берген суроолор Кемпир-Абад суу сактагычынын таманындагы Өзбекстанга өтөт деп аткан жер жөнүндө болду. Келишим боюнча Кыргызстан суу сактагычтын таманындагы жерди Өзбекстанга берген жатат.

"Буга 1965-жылы берилген 4127 гектар жер аянтын кошкондо жалпысынан 19699 гектар жер аянты алынды. Анын ордуна суунун астындагы 4485 гектар жер берилди",-деди Камчыбек Ташиев.

"Провокаторлор айтып атпайбы өзүбүздүн жерибизди кайра алып атабыз деп. Андай эмес. Биздин картабызда жок жерлерди алып атабыз. Кыргызстаныбыздын картасы 15500 гектар жерге чоноет".

"Кемпир-Абад суу сактагычынын сол жаагына кеткен канал чек араны тактоодо негизги маселе болуп жатат. Өзбекстанда 1971-жылдары ошол каналды курбай койгону үчүн чек ара аягына чейин такталбай калган. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандан бир да мамлекет башчы "Кемпир-Абад суу сактагычынын сол жагына канал курасың же компенсация бересиң" деп сурай алган эмес, биз ушуга жетиштик. Өзбекстан "сол жээктеги каналдын ордуна финансылык компенсация берели" деди, биздин комиссия ал тургай анын акчасын да эсептеп чыгышты. Президенттин көрсөтмөсү менен компенсация кереги жок, "бизге жер гана бересиңер" дедик. Ошонун негизинде Гавасайдан жер алып отурабыз",- деди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишимине ылайык, суу сактагычты Кыргызстан менен Өзбекстандан теңме-тең башкара турган болууда. Объектти жалпысынан 24 адам кирген биргелешкен комиссия көзөмөлдөйт. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин 900-горизонталдан өткөрбөй кармап туруу милдетин алат. Суу сактагычтын тегерегинде тосмолор, инженердик-техникалык курулуштар болбошу керек. Кыргыз жарандары үчүн суу сактагычка кирүүгө, мал сугарууга, балык уулоого эч кандай тоскоолдук болбойт.

Конституциялык корутундунун жоктугу

Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"

Депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин кабыл алынган жаңы регламентине ылайык, ратификацияга келген эл аралык келишимдерге конституциялык соттун корутундусу керектигин билдирип, анын эмне үчүн жок экенин сурады.

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев корутундуну алыш үчүн кызыкдар мамлекеттик органдар кайрылбаса, анын зарылчылыгы жок деп жооп берди.

Нуржигит Кадырбеков ошондой эле "Келишимден алмашуу деген бир гана сөз окуган жокмун, компенсация деген гана сөз бар экен. Лингвистикалык экспертиза болдубу" деп сурады.

Камчыбек Ташиев жооп берип жатып, Өзбекстанга суу астындагы жерден башка эч кандай жер өткөн жок деп дагы бир жолу кайталады.

Депутат Жанар Акаев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп жатканына такыр ынанбай жаткандардын атынан жети суроо камдап келгенин билдирди.

"Гавасай тоо таш болгон жерди суубуз чалкып жаткан жерге эмнеге алмаштырыбыз керек. Бул макулдашуу денонсацияланууга тийиш эмес деп турат, демек чекитти коюп атабыз",-деди депутат.

Камчыбек Ташиев бул депутаттын койгон суроолорун кайра эле "популисттердин сөзү" деп четке какты. "Бир жактуу денонсация болбошу мүмкүн. Бирок кандай гана мыйзам болбосун, сүйлөшүу жол менен өзгөртүүгө болот",-деди.

Конституциялык соттун корутундусу жөнүндөгү суроону оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаров дагы көтөрдү. "Биз келишимдерди карап атабыз. Мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндөгү келишимдерди карап атабыз. Императивдүү жазылып турат мына бул жерде. Азыркы карап атканыбыз мыйзамсыз. Миң жолу кыйкырам. Колу-бутту бурап, тийиштүү чечимди кабыл алдыруу деп түшүнөм. Бул регламенттин одоно түрдө бузулушу",-деди Адахан Мадумаров.

Талкуу убагында "Кемпир-Абадды коргоо комитетин" түзүп, аны Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыгып, "массалык тополоң уюштуруу" деген шек менен эки айга камалып кеткен жыйырмадан ашык активисттин маселеси да көтөрүлдү.

"Бийликти алабыз, ызы-чуу салабыз дегендердин тамырына кыркып атабыз, мындан ары да кыркабыз. Мен УКМК жетекчиси катары тополоң болтурбоого, туруктуулукту кармоого милдеттүүмүн. Кимдир бирөө бүлүк салгысы келсе, мамлекет тарабынан чара көрүүгө милдеттүүбүз. Мына мамлекеттик кызматтар так аткарбай жүрүп, бизде үч жолу бийлик алмашты",-деди Камчыбек Ташиев.

Адахан Мадумаров юстиция министрин "сабатсыз" деп сындагандан кийин президент Садыр Жапаров сөз алып, юстиция министрине болушуп аны үч тилде сүйлөгөн министр катары мактап, ал эми Адахан Мадумаровдун өзүнүн убагында кол коюп койгон Баткен районундагы Төрт-Көчө протоколунун азабын Кыргызстан азыркыга чейин тартып жатканын айтып жооп кылды.

Исхак Масалиев ратификацияга чейин келишимге ким кол койгонун сурады. Келишимге тышкы иштер министри кол койгону айтылганда, Министрлер кабинетинин башчысы кол койгону туура болмок деди. Ратификациядан кийин келишимге президенттер кол коет деген жооп айтылды.

Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/63580058

скачать dle 11.0фильмы бесплатно