Мамлекет башчылары, дегеле жалпы адамзат көп жылдар бою аялдардын дараметин жогорулатууну жана эркектер менен мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүүнү феминизмдин бир түрү катары баалап келишкен.
Бирок, акыркы изилдөөлөр аялдардын дүйнөлүк экономикадагы маанисин далилдеди. Аялдар Жер планетасынын 50% түзүп, адамзаттын өнүгүүсү үчүн чоң ресурс болуп саналат.
Туруктуу өнүгүүгө багыт алган мамлекеттер аялдардын ишкердигин эчак колго алган. Сапаттуу жана атаандаштыкка туруктуу адамдык капитал үчүн болгон күрөштө аялдарга жагымдуу шарттарды түзбөгөн мамлекеттер өнүгө албайт. Тилекке каршы, аялдардын лидерлиги айрым элдерде бааланбай, көптөгөн мамлекеттерде социалдык-экономикалык чакырык бойдон гана калууда.
Кыргызстанда эгемендик жылдары аялдар үйдө отуруп калбай, эркектер менен тең жарышып, соодада болобу, бизнесте болобу, бардык жагынан шымаланып киришти. Азыркы күндө соода, саякат, банк, айыл чарба, мал чарба, курулуш айтор көп тармакта ийгиликтүү иштеп жаткан көптөгөн ишкер аялдар бар. Ат-Башыдагы топоз баккан миллионер кыздын ишкердиги жөнүндө убагында Би-Би-Си чоң макала жазып жарыяланбыз.
Кыргызстанда иштеп жаткан ишкерлердин 35% аялдар түзөт. Республика боюнча 121 миңден ашык аял бизнес тармагында иштейт. Эң көп пайыздык көрсөткүч Бишкек шаарына туура келет.
Бирок ишкер аялдарга мамлекет жана коом тарабынан канчалык колдоо болуп жатканы башка кеп. Мамлекет тарабынан арзан максаттуу кредиттер, жеңилдетилген салык режими сыяктуу колдоолор кыргыздын ишкер аялдарына жетишпей турат. Ошондой эле коомдук деңгээлде дагы тоскоолдуктар бар дейт эксперттер.
"Кыргыз экономикасы да каржылык жагынан көз карандысыз жана экономикалык жактан активдүү аялдарга муктаж. Бирок, коомдогу маданий чектөөлөр жана ашкере айыптоолор аялдык капиталдын максималдуу колдонулушуна тоскоол болууда. Ата мекендик экономиканын өнүгүшүндө аялдардын күчү толук кандуу колдонулбай жатат. Биздин коом глобалдык процесстерге кылдаттык менен көңүл буруп, аялдар ишкердиги жана лидерлиги боюнча башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикасына көз салышы керек",-деди Азия банкынын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева.
Ушул жылдын октябрь айында Назира Бейшеналиеванын демилгеси менен Кыргызстандын ишкер аялдары Бириккен араб эмираттарына барып келишти. Бул сапар БАЭнин аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик саясатынын алгылыктуу тажрыйбасын көрсөтүү үчүн уюштурулду.
"Көпчүлүк араб дүйнөсүндө аялдардын дараметин өнүктүрүүгө көп тоскоолдуктар бар жана алардын жарандык укуктары чектелген деп ойлошот. Чындыгында, баары тескерисинче. Эмираттарда эркектер менен аялдардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей, керек болсо аялдар ири компанияларды жетектеп, алдыңкы мамлекеттик кызматтарда иштешет. Диний канондор жана эрежелер аялдардын ишкердиктеги статусун чектебейт",-дейт Назира Бейшеналиева.
БАЭнин мыйзамына ылайык, аялдар эркектер менен бирдей эмгек укугуна ээ жана өзүн өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно алат. Демек, карьера курууда укуктар тең жана саясатка да жол ачык. Өлкө президентинин жүргүзгөн саясаты таланттарды колдоого багытталган, анын ичинде аялдар эркектер менен тең укукта жарыша алат. Тагыраак айтканда, БАЭнин бүгүнкү күндөгү мамлекеттик системасы өлкөнү өнүктүрүүдө аялдардын дараметин жогорулатууга өзгөчө басым жасап жатат.
Ар бир эмиратта айымдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн атайын ишкердик кеңештер түзүлүп, аялдардын каржылык көз карандысыздыгына жана экономикалык активдүүлүгүнө багыт алып иштеп жатышат. Аял лидерлиги жана ишкердиги боюнча мамлекеттик саясат системалаштырылып, ийгиликтүү ишке ашууда. Өлкөдө жашап жаткан калктын 10% гана жергиликтүүлөр болгондуктан, мамлекет экономика жана мамлекеттик башкаруудагы чоң кызматтарды өз элине берүүгө тырышат. Буга байланыштуу аялдар ишкердиги боюнча БАЭнин саясатын дүйнөлүк деңгээлде мыкты деп эсептесе болот.
Эмиратта аялдын бизнестеги ийгилиги - бул келечеги кең максаттуу көрсөткүч. Ачык маалыматтарга караганда, эмираттык аялдардын 48% жеке бизнеси бар жана жалпы суммасы 13,6 млрд долларды түзөт. 2021-жылы БАЭде инвестор аялдардын санынын 200% өсүшү катталган.