Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу макулдашуунун негизинде кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" чек арасы декабрдан тартып ишке кирерин, Жалал-Абад жана Ош шаарларына Өзбекстандын Ханабад шаары аркылуу жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн 17-ноябрда Жогорку Кеңеште айткан.
Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.
2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы "Кайтпас” жана "Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32137931.html