Google Pay – бул сатып алуулар үчүн тез жана ыңгайлуу төлөөгө мүмкүндүк берген сервис. Бул дүкөндөрдө, коомдук транспортто, ошондой эле тиркемелерде жана веб-сайттарда кызматты же акыны төлөө үчүн мобилдик телефонуңузду колдонууга мүмкүндүк берет.
Кызматты колдонуу үчүн NFC модулу бар Android смартфонуна ээ болуу жана ага картаны шилтемелөө керек. Төлөө үчүн, мобилдик аспап арткы панелден контактсыз терминалга жакындатылат.
Google Pay фукнциясы бар банктар:
- «Халык банк»
- «Кыргызстан»
- «Керемет»
- «Бай-Түшүм»
- «Бакай»
- «РСК»
Белгилей кетсек, iOS негизиндеги смартфондордуна дагы Apple Pay каралган. Аны банктар туташтырабы жана кайсы убакта туташтырат ал азырынча айтыла элек.
Источник: https://kg.economist.kg/news/2022/11/18/kyrgyzstanda-google-pay-pajda-boldu-birok-bul-funkciya-azyryncha-besh-gana-bankta-bar/