Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?

Жаңылыктар / Кыргызстан / Экономика
873
0

"Бажы кызматы өткөн он айдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн түшкөн алымдарды эске албаганда 46,4 миллиард сом эсебинде бажы төлөмдөрүн чогултту. Бул буга чейинки эң жогорку көрсөткүч деп эсептелген 2019-жылдагы он айда чогулган 26,2 миллиард сомго караганда 177,1% өсүш болуп эсептелет”, - деди Би-Би-Сиге Бажы кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Гүлзада Чубакова.

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин соңку жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишмердигине байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Быйыл бажы тармагынан 98,5 миллиард киреше максат кылынып, бирок он айдын жыйынтыгы боюнча 59,1 миллиард сом гана чогулду. Жыл аягына чейин бажыдан түшкөн киреше жок дегенде 75 миллиард сомго чыгат делип жатат. Ошондо деле чогулбай кала турган акчанын көлөмү 23,5 миллиард сомду чапчыйт.

Депутат Айбек Алтынбеков бажы төлөмдөрү боюнча тапшырма аткарылбаганын сынга алып, аны Самат Исабековдун жеке ишмердиги менен байланышырып жатат:

"Азыркы төрага Самат Сатаровичтин иш алып барганынанбы же башка себептер мененби,бирок, силердин тапшырма аткарылган эмес. Мен анализдеп чыктым, Семетеевдин (ред. мурунку төрага) убагында Бажы кызматынын кирешеси көтөрүлүптүр, пландар аткарылыптыр. Самат Сатарович келгенде ал кайра ылдый түшүп баштаган. Андан кийин сиз кайра Адилет Кубанычбеков деген жигитти койдуңуз, ал жигит келгенде дагы план аткарылып, көрсөткүчтөр көтөрүлдү. Кайра Самат Сатарович келди, мына бүгүнкү күнгө чейин тапшырмаларыңар аткарылбай жатат. Бир чара көрүш керек го”,- деди депутат өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып.

Самат Исабеков бул кызматка жыл башында кайра дайындалган. Ал былтыр 7-июнда бул кызматка биринчи жолу дайындалып, ошол жылы 26-октябрда кайра иштен алынган. Исабеков 1996-жылдан бери бажы тармагында ар кандай кызматтарды аркалап келет.  

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Самат Исабеков тууралуу ошол эле жыйында депутат Айбек Алтынбековдун суроосуна жооп берип жатып, жыл аягында ишин аткара албаган жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти:

"Жакында анын биринчи орун басарын алмаштырдык. 20-декабрда бардык министрликтердин, агенттиктердин ишинин жыйынтыгын чыгарабыз. Президенттин, парламенттин жана өкмөттүн тапшырмаларын аткарбаган жетекчилер менен коштошобуз. Жакында эле төрт министрди иштен алганбыз. Биз эч кимди "тууганым экен, досум экен” деп карабайбыз. Ошонун ичинде Бажы кызматы дагы бар. Эмдиги жылга кескин реформаларга даярданып жатабыз”.

Бирок быйыл Бажы кызматында иш өтө чабал дегенге жатпайт дегендер бар. Акылбек Жапаров Бажы кызматы быйыл адаттан тыш жогорку планды коюп, ишке киришкенин кошумчалады.

"Исабековдун алдына планды 320% аткаруу милдетин койдук. Албетте бул планды аткарса жакшы болмок, бирок план 250% аткарылды. Былтыркыга салыштырмалуу жыйымдар 26 миллиард сомго көбөйгөн. Биз жыйымдардын 50 миллиардга көбөйүшүн кааладык, калган 24 миллиарддын 7 миллиарды согуштун айынан Россиядан келген жок”.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков өзү дагы быйыл бажыдан түшкөн төлөмдөр аз болуп жатканын сырттан, ириде, Кытайдан Кыргызстанга жүктөрдүн кирүү шарты өзгөрүлгөнү менен түшүндүрүп жатат:

"Бизге жүк жөнөткөн, негизги импортер өлкө бул – Кытай. Ал жакта жүктү жөнөтүү шарты пандемия башталгандан бери уланып жатат. Экинчиден келген жүктөрдүн эң оор бөлүгүнүн басымдуусу Казакстанга өтүп кетип жатканына байланыштуу болуп жатат. Себеби, биз бюджетти толтуруш үчүн бир белгиленген бааны кармап атабыз, казак тарап бааны төмөн түшүрүп, импорттун көлөмдүү бөлүгү ошолорго кетип жатат. Ошол себептүү бизге бажы төлөмдөрүнүн түшүшү аз болуп атат”.

2021-жылы кыргыз өкмөтү бажы төлөмдөрүн эки эсеге көтөргөн, буга чейин кыргыз-кытай чек арасында бир килограмм жүктүн баасы $0,85 болсо, эми $1,5. Соодагерлер башында бир оор жүк ташуучу унаанын бажы төлөмү 1,5-2 миллион сомго чейин чыгып кетип атканына наарызылык да билдиришкен.

2015-жылы Кыргызстан Россия башында бурган Бажы биримдигине кирип, анын саясатына ылайык бажы тармагында бааларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө теңөө каралган.

Быйыл январда УКМК ошол кездеги Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап камаган. Ал март айында үй камагына чыккан жана сот ага бир миллион сом айып пул салганы жакында эле белгилүү болду. Негизи эле бажы тармагындагы коррупциянын масштабы тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунан бери ачык  айтылып келет.

 "Тилекке каршы бүгүнкү күнү деле бажы тармагын эң коррупциялашкан тармак деп атоого негиз бар. Себеби, дагы деле болсо Грузиядагыдай жүктү өткөрүүнүн, каттоонун тартиптери, онлайн көзөмөлдөө ачык айкын болбой келет. Айрым логистикалык компанияларга өйдө жактан мүмкүнчүлүктөр берилип, алар монополист болуп, ошолор гана жүктү алып өтүүгө мүмкүн болуп жатат. Иштейм деген бардык эле компанияларга тегиз, бирдей мүмкүнчүлүктөр берилбей келет”,- дейт журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Өкмөт быйыл бажыдан аз акча жыйналганын жана Баткендеги чек ара чырынан улам кайра калыбына келтирүү иштерине жумшалган каражаттын көлөмүн жүйө кылып, бул жылы бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн экенин айтууда. Бул Кыргызстандын тарыхында бюджеттин тартыштыгы боюнча эң чоң көрсөткүч болуп калмакчы.

 

Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cd1k5jg49dpo

скачать dle 11.0фильмы бесплатно