"Муну эмне кылабыз?"
Алыскы Чаткал районундагы Терек-Сай айылынан келген делегат Жылдызбек чет элдик компания иштетип жаткан лицензиялык аянтка өзүнүн жашап жаткан жери кошо кирип кеткенин айтып, күйүп-бышып сүйлөдү.
"Кен боюнча чоң проблемалар бар. Чаткалдын тешилбеген жери калбады. Лицензиялар сатылып кеткен. Садыр Нургожоевич суранабыз, ошону кайтарып алууну. Ошол фирмалар салыгын гана төлөшөт, бирок эч кандай мамлекетке үлүш төлөшпөйт. Муну эмне кылабыз?"
"Чаткал экологиялык катастрофага учурап калды, казылбаган жерибиз калбады, суубуз ууланып атат. Эл чыгып тополоң кылайын десе, сотрудниктер басып коет. Эмне кылабыз? Мен жашаган, киндим каным тамган жер берилип кеткен",-деди Жылдызбек.
Терек-Сайдагы кырдаал боюнча президенттин да кабары бар экен. Садыр Жапаров буга корутунду сөзүндө өзүнчө токтоло кетти.
"Эти Батыр Терек-Сай деген ишкана бар, Чаткалга бизге чейин келген. Биз бир дагы лицензия берген жокпуз, баардыгы эски лицензия менен иштеп атышат. Чынында эле тешилбеген жери калган эмес, баары талкаланып бүткөн. Эти-Бакыр Терек-Сай менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат, мен өткөндө комиссияларды жибердим. Муну жүз пайыз мамлекетке алабыз деп алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп атат. 62 үй бар экен, лицензияга берилип кеткен. Анын кырктайы көчкөнгө макул болуп, жыйырмадайы көчпөй ошо бойдон отурат. Эң согнун заманбап айыл салып берейин, көч десе да көчпөй отурушат. Үйдү кымбатыраак сатам деп атабы же башка ата-бабанын конушун таштагым келбейт деп атабы, ушул эки себептин бирөө болуш керек. Эгер мамлекетке алып калсак, эл менен өзүбүз чечебиз",-деди президент.
Биз Жылдызбек менен байланышып, Терек-Сайдагы экологиялык-социалдык көйгөйлөрдү тактап сурадык. Көрсө, Терек-Сай совет доорунан бери кен чыккан жер экен, алтындын сурманын кендери бар. Ошол кендерди иштеткен жумушчулардын айылы бар.
"Ал жердеги эл көп жылдардан бери ошол кен менен жашап келатат. Союз учурунда да чалгындоо иштери жүрүп, казуу болгон",-дейт Жылдызбек.
Түркиялык компания лицензия алып,"Кыргызалтын" менен «Эти Бакыр Терексай» деген биргелешкен ишкана түзүп, иштетип жаткан убак. Анда өткөн жылы миңден ашык жумушчу иштеп турган, көбү жергиликтүү жашоочулар. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча 2016-жылдан бери 780 кг алтын казылып, 2 млрд сом өлчөмүндө салык жана башка төлөмдөр төгүлгөн.
Өткөн жылы кен казууда цианид иштетип, жерди ууландырып жатат деп жергиликтүү эл каршы чыгып, мекеме аралык комиссия текшерип барып, нааразылыкты баскан.
Лицензиялык аянтка айылдын турган жери кошо кирип кеткен. Ошондуктан жергиликтүү элди башка жакка көчүрүү зарылдыгы чыккан. Алтымышка жакын үй-бүлөнүн кырк чактысы компаниядан акчалай компенсация алып көчүп кеткен. Калгандары шартка көнбөй, көчпөй турат.
Инвестор компания кен казууну ачык түрдө жүргүзүп жаткандыктан, көп жер казылды.
Экинчи жагынан жергиликтүү эл ошол кенде иштеп оокатын өткөрүп келатат. Компаниянын дагы социалдык пакети бар, жол куруп, мончо, спорт зал жана башка объектилерди салууда. Бирок мектеп эски, авариялык абалда. Мектептин үстү көчүп, абалды билим берүү министри өзү барып көрүп кеткен.
Жергиликтүү эл кендин иштешине таптакыр каршы эмес, бирок экологияны бузбай, жер астынан казууга өтүү керек дешет.
"Элдин талабы болуп атат, токтобой иштей берсин, бирок кенди жер астынан казсын деген",-дейт Жылдызбек.
2021-жылы декабрда кенде иштеген жумушчулар иш таштап, алтын казуу жердин үстүнөн болуп, экология бузулуп жаткандыктан компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан.
Соңку убакта чет элдик компаниянын өзүнүн да ишинде финансылык проблемалар чыгып, өндүрүш басаңдап, жүздөгөн жумушчу бошотулду.
Эгер алар кенди иштете албаса, анда кыргыз өкмөтү кенди аны өзүнүн колуна алышы мүмкүн.
Жергиликтүү деңгээлдеги ар кандай каршылыктар Кыргызстандын тоо-кен тармагында иштеген чет элдик компаниялардын орчундуу проблемасы. Иштамберди, Талды-Булак, Бозумчак, Кара-Казык, Жерүй, Тереккан, Солтон-Сары алтын кендерине, Терек алтын-сурма кенине инвесторлор келген. Бирок кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен чечилбеген чыр-чатактардын айынан тоо кендерин натыйжалуу иштетүү мүмкүн болбой келатат. Жергиликтүү эл бир жагынан иш менен камсыз болуп, социалдык маселелери чечилип жаткан менен экинчи жагына экологиянын бузулуп жатканына кабатыр.
Мисалы, Нарын районундагы Солтон-Сары жайлоосунда алтын казууга келген кытай компаниясын жайытты бузуп жатат деп 2019-жылы жергиликтүү эл кууп чыккан. Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин кытай инвестору ишин улантууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок каршылык маанай дагы деле бар.
Солтон-Сарыдагы кен казуунун экологияга тийгизген терс таасири, техникалык коопсуздугу сыяктуу маселелерди жергиликтүү эл көп жолу көтөрүп чыккан эле. Ал эми кенди иштетүүгө уруксат алган Кытайдын Jhong ji Mining ишканасы жергиликтүү тургундардын талаптары эске алына турганын убада кылган.
Инвестор компаниялар жайытты бузбаш үчүн кенди жер алдынан казышы керек. Бирок өлкөгө келген компаниялардын арасында андай технология менен иштеген инвесторлор боло элек.
Ишкана 2012-жылы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жыйырма жылга жакын мөөнөткө лицензия алган. Компания учурда инфраструктурасын куруп, 2021-жылы кен казуу иштерин баштоого камданып калган эле. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.