Б.Жетигеновду министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары
Адылбек Касымалиев
тааныштырды.
Тааныштырууга мурунку мэр Алмазбек Мамбетов жана Ош шаарындагы мекемеишканалардын жетекчилери катышты.
29-ноябрда эртең менен 56 жаштагы Бакытбек Жетигенов
Ош шаарынын мэри болуп дайындалганы маалымдалган.
Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзамынын 47-беренесине ылайык ал тууралуу жарлыкка кол
койгон.
Б.Жетигенов КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон. Ал
Чүй районундагы Сайлык айылынын уулу.
29-ноябрда башка жарлык менен мурунку мэр Алмаз Мамбетов
кызматтан бошотулган.
Источник: https://osh.turmush.kg/news:485038