Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:39
"Кумтөр" Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө 1,4 млдр сом бөлөт
05:18
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип машина чыгарууну пландоодо
03:27
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду
03:21
Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду
03:04
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат. Себеби
02:40
Орусияда мекендештерин тоногон төрт кыргызстандык кармалды
23:25
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын бизнес-форуму өтөт
23:24
Кыргызстандыктардын Болгарияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралууда
23:23
Россияда окуган кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот
23:20
Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыяланды
23:16
Москвада оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар мейманканада бекер жашай алышат
23:12
БУУ: Миграциядан улам кылымдын аягында тилдердин көбү жоголушу ыктымал
19:42
Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 25 ишкананын ишке киришин каржылоону пландоодо
19:36
2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү
19:34
Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды
14:40
Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды
13:34
Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулду
12:12
Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат
07:57
Кыргызстанда бир суткада КРВИ менен сасык тумоонун 507 учуру катталды
05:02
Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды
04:56
"Камбар-Ата-1": үч өлкө макулдашууга кол койду
04:51
Изилдөө: 2100-жылы мөңгүлөрдүн 68% жоголушу мүмкүн
05:30
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору
07:18
Президент Жапаров чек ара маселесин чечүүнү убада кылды
07:13
Күрөш дүйнөсү уюму Жоламан Шаршенбековду мыкты балбан деп тапты
07:12
ТИМ Кытайга баруу эрежелери жөнүндө маалымат таратты
04:53
Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат
04:39
Футбол легендасы Пеле дүйнөдөн кайтты
03:56
Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү
03:55
Жаңы жыл майрамында өлкөдө 12 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:14
Өзбекстанда "Док-1 Макс"дарысынан уулуу зат табылды
05:43
Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту
10:34
2022-жылдын башынан бери ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү $1,3 трлн түздү
10:30
Азия чемпионаты: Кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланканы утуп алды
10:29
Элчи Кадыркулов Украинанын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолукту
10:27
Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи
06:26
Кыргызстандык балбандар таяк тартыш боюнча АКШда өткөн мелдеште 5 медаль жеңди
06:25
Жөө күлүк Самат Казакбаев Казакстандагы эл аралык мелдеште күмүш медаль багындырды
03:47
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты
02:14
Садыр Жапаров Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды
22:38
Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат
05:15
Кыргызстандык окуучу Бакудагы эл аралык олимпиадада күмүш медаль утту
05:14
Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпонатында кичи коло медалга ээ болду
Бардык кабарлар

Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Жаңылыктар / Кыргызстан / Интеграция / Экономика
880
0

Ал буга чейин Азия өнүктүрүү банкын жетектеп, өзүн натыйжалуу иштеген менеджер катары көрсөткөн Харухико Курода менен кайрадан жолугушуусуна кубанычта экендигин билдирди.

«Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарынын бири банк тармагы болуп саналат. Кыргыз Республикасында эл аралык деңгээлде таанылган стандарттарга ылайык иш алып барган коммерциялык банктар бар. Буга байланыштуу кыргыз тарап өлкөнүн коммерциялык банктарына Япониянын коммерциялык банктары менен корреспонденттик банктык мамилелерди түзүү маслесинде колдоо көрсөтүүсүнө ишеним артууда», - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, акыркы убакта Министрлер Кабинети ички дүң продукциянын 7% өсүшүнө шарт түзгөн антикризистик бир катар чараларды кабыл алууга жетише алды.

«Биз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен акча-кредит жана салык-бюджеттик саясат чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүп жатабыз. Азыр кирешебиздин эсебинен чыгашаларыбызды толугу менен жаап жатабыз. Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча бардык кредиттик жана гранттык каражаттарды өнүктүрүүгө гана багыттайбыз», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Япониянын Улуттук банкынын Төрагасы Харухико Курода белгилегендей, учурда дүйнөлүк экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири инфляция болуп саналат.

«Бул көйгөй Кыргыз Республикасын да кыйгап өткөн жок деп ойлойм. Мындай шартта ички дүң продукциянын өсүшүнө жетише алганыңыздар кубандырат. Коронавирустук инфекциянын пандемиясы али бүтө элек жана дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Бир катар өлкөлөрдө инфляция олуттуу көрсөткүчтөргө жетти. Бул көйгөйдөн ар бир өлкө жалгыз чыгып кетүүсү кыйын. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-аракеттеринен көп нерсе көз каранды. Биз маалымат алмашууга жана биздин компетенциябызга кирген бардык маселелер боюнча кызматташууга даярбыз», - деди Харухико Курода.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Япониянын Борбордук банкына жана Япон эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) биздин өлкөдө "Кепилдик фонд” ачык акционердик коомун түзүүдө Япониянын кредиттик кепилдик корпорациясынын иш тажрыйбасы пайдаланылгандыгын жана аны иликтөө мүмкүнчүлүгү сунушталгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Источник: http://kg.kabar.kg/news/akylbek-zhaparov-iaponiianyn-uluttuk-bankynyn-t-ragasy-menen-kyzmattashtykty-talkuulady/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно