Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү

Жаңылыктар / Кыргызстан / Экономика
981
0

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай, бул ага Борбордук Азия аймагында бир катар атаандаштык артыкчылыктарды берет.

«Кыргыз Республикасы Саудиянын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, энергетика, илим жана билим берүү, туризм жана маданият, ошондой эле адал индустриясы тармагындагы долбоорлорго тартууга кызыкдар», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө толук кызыкдар экендигин билдирди. Тараптар көп тараптуу өз ара раракеттенүү алкагында кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашты.

Буга министрлер кабинетинин башчысы сөздөн ишке өтө турган убакыт келгенин белгиледи. "Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө кескин секирик жасообуз керек. Кыргыз тарап бардык багыттар боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө даяр”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышачылыгынын ортосундагы мамилелердин өнүгүү тарыхын эске сала кетели, САП 1991-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган жана дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 19-октябрында түзүлгөн. 1992-жылы июнь айында ханзаада Турки Бин Мохаммед Бин Сауд Аль Кабир башында турган Сауд Аравиянын делегациясынын, ал эми ошол эле жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын президентинин Сауд Аравияга расмий иш сапары болуп, эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтыктын пайдубалы түптөлгөн.

2011-жылы декабрдын аягында САПтын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң түрткү берген. Эки өлкөнүнүн ортосундагы саясий жана соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң иштер аткарылган.

Тараптар соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле КР өкмөтү жана Жогорку Кеңеши тарабынан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын фонунда Кыргызстандын экономикасына Сауд Аравиясынан инвесторлорду тартууга чоң мүмкүнчүлүк бар экендигине ынанышты.

Бул жаатта Сауд өнүктүрүү фонду менен кыргызстандын ортосундагы кызматташуу 2011-жылдан баштап, Фонд Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо долбоорун 15 млн долларга каржылоого катышкан. Фонд тарабынан каржыланган долбоорлордун саны Кыргыз Республикасы транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу менен камсыздоо жана айыл чарба сыяктуу тармактарда 8ге жетти. Бул долбоорлордун жалпы суммасы 200 млн долларга бааланууда. Мисалы, транспорт тармагына 80 млн долларлык 4 долбоор туура келет, башкача айтканда, фонд Кыргызстанга берген жалпы каражаттардын 40%га жакыны. Калган 4 долбоор билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу менен камсыздоо жана айыл чарба сыяктуу тармактарга бөлүнүп, жалпы суммасы 120 млн доллар.

Мындан тышкары, Падыша Салман атындагы гуманитардык операциялар борбору Кыргызстанда 1 млн 305 миң долларга эки долбоорду ишке ашырууда. 2022-жылга карата аталган фонд тарабынан убактылуу баш калкалоочу жай жана тамак-аш продукциясына 805 млн доллар, ал эми саламаттык сактоого 500 миң доллар багытталган.

Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга транспорт, саламаттык сактоо, таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык тутумду жакшыртуу сыяктуу 8 долбоорду каржылоого жалпы суммасы 200 млн долларлык 8 насыя берген.

Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга 3,79 млн доллар кайтарымсыз жардам бөлүнгөн, ал үч долбоорго бөлүнөт:

- Сауд Аравиянын Кызыл Жарым Ай коому тарабынан курулган эки медициналык борбордун оңдоп-түзөө иштери, кургак учукка каршы күрөшүү борбору жана жалпысынан 1 миллион 290 миң долларга эки диализ борборунун ачылышы.

- Бишкек шаарындагы кардиохирургиялык медициналык борборду жалпысынан 1,5 млн долларга жабдуу.

- 1 млн долларга жаныбарлар үчүн карантиндик зона куруу жана жабдуу.

Мындан тышкары, Кыргызстандын экономикасына Сауд Аравиядан инвесторлорду тартуу боюнча практикалык иштер башталды. Мисалы, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын халал-индустриясынын өкүлдөрү сертификаттарды таануу, андан тышкары "Кыргыз Республикасындагы эт халал паркы” долбоорун талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерден турган делегация Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ата мекендик "Торо” ишканасына барышып, анын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк кубаттуулугу, дыйкандар менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы, ошондой эле халал (адал) стандарттары менен таанышты, ага ылайык Кыргызстандын эттери мусулман өлкөлөрүнө экспорттолот.

Халал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбордун директору Алмаз Кайырбеков жогорудагы маселе көтөрүлгөн кыргыз-сауд кызматташтык боюнча комитетинин үчүнчү жыйынында макулдашуу жетишилгени тууралуу маалымат берди.

Сауд Аравиядан келген бизнес-делегациянын курамына САПтын Инвестициялар министрлигинин Al Rajhi International for Investment (RAII) компаниясынын өкүлдөрү кирген.

Белгилей кетсек, Al Rajhi International for Investment Сауд Аравия Падышачылыгындагы эң ири коммерциялык компаниялардын бири болгон Sulaiman Abdulaziz Al-Rajhi Awqaf Holding холдингинин туунду компаниясы болуп саналат.

Анын негизги ишмердүүлүгү чет өлкөлөрдө айыл чарба долбоорлорун инвестициялоо жана өнүктүрүү болуп саналат. 40 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде компания экономиканын айыл чарба тармагын да, инвестициялык секторун да өнүктүрүү үчүн заманбап агротехнологияларды киргизүүгө жетишти.

 

Источник: http://kg.kabar.kg/news/s-zd-n-ishke-kr-ekonomikasyna-saud-araviiadan-investitciia-tartuu-n-kt-r/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно