Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты

Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня / Спорт
1 106
0

D тобунда буга чейин эки оюнду катары менен уткан Франция акыркы айлампада Туниске утулуп (1:0) калды. Дидье Дешам команданын экинчи курамын чыгарды. Бирок Тунис баардык күчүн жумшап, оюндун 58-минутасында Вахби Хазри эсепти ачты. Ошондон кийин Дешам талаага мыкты оюнчуларын биринен сала бирин чыгара баштады. Мбаппе, Гризманн, Усман Дембелле оюнга аралашты. Тунисттин дарбазасы кайра-кайра камоолго алынып, кошумча минутта Антуан Гризманн киргизген топ VAR системасынан кийин жокко чыгарылды.

Ошентип, Тунис өз тарыхында биринчи ирет Францияны, болгондо дагы дүйнө чемпионун утуп алды. Ага карабай Тунис кийинки баскычка чыккан жок.

Себеби ушул эле тайпадагы Австралия Данияны жеңди. Дания көп жылдардан бери биринчи жолу 1/8 финалдык бөлүккө өтө албай калды.

C тобунда буга чейин бир оюнду утуп, бирөөндө тең чыккан Польша Аргентина менен беттешти. Ошол эле мүнөттөрдө бул тайпадагы Мексика менен Сауд Арабиясы күч сынашты. Бул төрт командада да кимиси кайсы орун менен кийинки 1/8 финалга өтөт деген суроо акыркы минуттарда гана чечилди.

Аргентиналыктар Польшанын дарбазасын кайра-кайра камоолго алды. Лионел Месси катышкан 38-минуттагы чабуулдун жыйынтыгы менен калыс он бир метрлик айып тобун коюп берди. Бирок Мессинин тепкен тобун Войчех Шченсны тосуп алды. Акыры аргентиналыктар анын дарбазасына эки топ киргизди. Алексис Маккалистер менен Хулиан Альварес өз командасынын каармандарына айланды.

Польша утулуп жаткан маалда Катардын башка стадионунда Мексика кийинки финалдык бөлүккө чыгууга жан талашып жаткан. Анткени утулуп жаткан Польша менен Мексиканын мүмкүнчүлүктөрү дээрлик бирдей болчу. Мексикалыктар оюндун акырына чейин арабдарды 2:0 менен утуп жаткан. Бирок оюндун соңунда бир топ өткөрүп жиберип, ошону менен Польша кийинки баскычка өттү.

Ошентип 1\8 финалдык бөлүктө өз тайпасында биринчи орунду алган Аргентина D тобунан экинчи орун менен чыккан Австралия менен беттешет. Ал эми биринчи орунду өз тайпасында камсыздаган Франция Польша менен ойномокчу.

Бүгүн, 1-декабрда кечинде төрт оюн болот. Эң кызыгы Бельгия менен Хорватия беттеши. Бельгия акыркы оюнду Мароккого 2:0 менен уттуруп коюп, кийинки айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгүн оорлоштуруп алган. Хорватияны утса гана 1\8 баскычка чыга алат. Марокко канадалыктар менен ойнойт. Алардын тайпадан биринчи орун менен чыгуу мүмүнчүлүгү жогору.

Германия бүгүн Коста-Рика менен беттешет. Бул тайпада азыр алдыңкы эки орунда турган Испания менен Жапония өз ара күч сынашат. 

 

Источник: https://www.azattyk.org/a/32156791.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно