Акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланат.
Маалымат өнөктүгүнө Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттердин катышуусу күтүлүүдө.
Үгүт өнөктүгү учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылат.
Акция 9-декабрь - Эл аралык адам укуктарынын күнүндө аяктайт. Ал күнү Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы менен биргеликте журналисттердин ортосунда онлайн телекөпүрө өткөрүлөт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32156621.html