Милиция кызматкери жол эрежесин бузуп, жол тескөөчү токтотконуна карабай,
токтобой кеткен. Бул учур видеого тартылып, социалдык тармакка тарады.
Ош ОИИБдин кызматкери Бишкек—Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 630-
чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл
аймагынын Кайрагач айылында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара
жатканда жол эрежесин бузган. Ал Ош шаарынан Өзгөн шаарына карай бара
жаткан.
Ага карата Бузуулар кодексинин 188-беренеси (транспорт каражаттарынын
айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) жана 185-беренеси
(транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын
кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын
аткарбоосу) боюнча протокол түзүлдү. Эки берененин негизинде кызматкерге 11
миң сом айып пул салынды.
Источник: https://osh.turmush.kg/news:485591