Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Кымбатчылык кендирди кескенде: баалар кайда баратат?

Жаңылыктар / Кыргызстан / Экономика / Коом жана проблемалар
1 134
0

Кыргызстанда  өткөрүлгөн сурамжылоолор кымбатчылык -  элди түйшөлткөн башкы маселе экенин аныктады. Ошентсе да IRI элдин 85% келечекке оптимизм менен карайт деген бүтүмгө келди.

32 жаштагы бул жаш дарыгер  жакында эле мамлекеттик ооруканадагы ишин жыйыштырып, жумуштан кетүүгө арызын жазып берди. Бюджеттик маянага Бишкекте тиричилик кылуу кыйла оорлогондой.

"Чынында Бишкекте жашаш соңку кезде оорлошуп калды. Буга себеп- азык-түлүк кымбаттады, жеке жашоого керектүү каражаттардын да баасы өстү, алган айлык-маянабыз жетпей калып жатат. Мамлекеттик ооруканада иштеп жүргөндө айлыгым 15 миң сом болчу. Бул менин тажрыйбам үчүн деп кошумча төлөнгөнүн кошкондогу сумма. Бул акча баламды бала бакчага бергенге анан үйгө тамак-аш алганга жетчү. Келинчегим да иштегендиктен, кыйынчылык болсо да орто сезилчү. Азыркы кымбатчылыкта бизге дагы бир иш таап иштегенге туура келип калды”, - дейт Бишкектин тургуну Эрмек Исмаилов.

Кыргызстанда орточо эмгек акы азыркы учурда 24 миң 595 сом. Бирок бул каражат менен борбор калаада чакан үй-бүлөнү  да багуу кыйын болуп баратат. Эгер батирге төлөп жашагандар болсо абал андан бетер оор экени айтпаса да түшүнүктүү.

2020-жылы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы, быйыл жазда башталган орус-украин согушунун Кыргызстандын да экономикасына зыяны тийүүдө.

Жыл башынан бери өлкөдө расмий маалыматтар боюнча азык-түлүктүн баасы кеминде он пайызга өстү. Негизинен баа кумшекер, жашылча-жемиш, унга көтөрүлүп жатат.

Нурзада Бишкектеги Ак-Эмир базарында жашылча-жемиш сатып иш кылат. Ал эмнеге кымбат деп нааразы болгон кардарлар күн сайын көбөйүп жатканын Би-Би-Сиге айтып берди:

"Баалар кымбат, аларды биз кымбаттатып жаткан жерибиз жок. Кыргызстанга көп азыктар сырттан ташылат. Ошон үчүн да кымбат. Мына бананды эле алалычы, былтыр биз килограммын 120-130дан сатсак, быйыл анын баасы 180-190 болуп жатат. Баары жок кымбаттады, биз үстүнө бир аз эле кошпосок, негизи эле баары кымбат келип жатат”.

Улуттук статистика комитети азыркы жашоо минимум Кыргызстанда айына 7 миң 300 сомдун тегерегин түздү деп жатат. Анын ичинде азык-түлүк корзинасынын бир айлык наркы 5 миң 738 сомго чыгууда. Аталган мекемеге алдын ала кайрылганбызга карабай, баалардын көрсөткүчү боюнча кенен корутунду бере турган адиси иш сапарда экенин айтып, бир топ убара-чиркөөдөн кийин чакан маалыматы бөлүштү.

Азыркы кымбатчылык шартында бул канчалык реалдуу?

Татьяна Кудрявцева, журналист. Ал 2018-жылдан тарта Улуттук статистикалык комитетке альтернатива катары бааларга ар жума сайын өз алдынча байкоо салып келет. Анын бул ыкмасы эң жөнөкөй.

"Жума сайын бир эле супермаркетке барып, тандап алган негизги тамак-ашка болгон бааны байкоого алып турабыз. Биздин анализ 2021-жылга карата азык-түлүккө кеткен акча эки эсеге, акча менен алганда 2 миң 300 сомго кымбаттаганын көрсөтүп жатат. Былтыркыга салыштымарлуу быйыл бадыраң, капуста, алмурут жана сабиз эле арзан. Калган азык-түлүктүн баасы акырындык менен бирок күн сайын өсүп жатат”.

Монополияга каршы иш алып барган мамлекеттик органдар баалардын өсүшүнө контрабанда, импортерлордун ашкере аракеттери да себеп болушу мүмкүн дешет.  

Учурда кыргыз өкмөтү базар баасына көзөмөлдү күчөтө турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, керектүү товар жана азык-түлүк бир айда 20% кымбаттап кеткенде гана, бааны көзөмөлдөөсө болот деген норма алынат. Эми өкмөткө тамак-аш жаатындагы монополист ишканалардын баа саясатын көзөмөлдөөгө укук берилиши мүмкүн. Министрлер кабинети жаңы мыйзам долбоору менен азык-түлүк эле эмес, көмүр, чылым жана дары-дармектин да баасын өз колуна алганы жатат.
 
Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c9xpe35ej1ko
скачать dle 11.0фильмы бесплатно