Бүгүн Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы шайланышы керек болчу. Бирок шайлоо жараяны экинчи ирет үзгүлтүккө учурады. Ага 12 депутаттаын дайынсыз болгону себеп болду.
31-январда айыл өкмөт башчыны шайлоо болуп, ага мурунку айыл өкмөт башчы Арстанбек Жолдошев менен Урайым Калматов талапкерлигин койгон.
Анда депутаттардын 14ү экөөнө тең каршы добуш бергени үчүн шайлоо бүгүнкү күнгө калтырылган. Экинчи шайлоодо алардан башка 7 талапкер катталган.
Бирок бүгүнкү шайлоого 12 депутат келген жок. Аларды башка депутаттар мындан беш күн мурун Таджикстандагы “Бахористон” санаториясында жүргөнүн көрүшкөнүн билдиришет. Эл өкүлдөрү муну саясий оюн катары баалап, бүгүнкү айыл башчы Арстанбек Жолдошевди күнөөлөшүүдө. Жергиликтүү кеңеш депутаттары дайынсыз 12 депутатты Жолдошев коркутуу жолу менен шайлоого келтирбеди дешүүдө.
“Мыйзам боюнча, биринчи шайлоодо каршы добуш көп болуп калтырылса, экинчи турда мурунку талапкерлер кайра аттанбайт. Бүгүн шайлоо болбой калса, Жолдошев кайра айыл башчы болуп алууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан 12 депутатты бекитип жатат”,-дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Икрамжан Садыков.
Депутаттар шайлоону 10 күнгө жылдырып берүү боюнча БШКга кат жолдошту. Азыр анын жообу келе элек.
Аяна БЕРДИКУЛОВА, “Взгляд”