Буга чейин Күрөш дүйнөсү уюму Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдагы тарых жаратуучулардын катарына кошкон.
Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үчүнчү жолу күрөшкөн. Эки жолу Дүйнө чемпионатында (2018, 2021-жылдар) күмүш байге алган. 2022-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль алган.
Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-жыл). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-жыл).
Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-жыл), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында (2017) 2-орунду ээлеген.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32202073.html