Мекеменин маалыматына караганда, 9-15-январда тумоологон 8366 бейтап катталды. Бул ага чейинки бир аптадагы көрсөткүчкө салыштырганда 0,7% көп.
Быйылкы эпидемиологиялык сезондо сасык тумоонун А түрү катталууда.
Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада эки бейтап катталганы маалымдалды.
Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32225159.html