Канададагы Квинс университетинин тилдерди изилдеген бөлүмүнүн директору Анастасия Рилдин айтымында, табигый кырсыктар ыктымалдыгы жогору аралдарда жана жээктерде аз киши сүйлөгөн тилде баарлашкан адамдар жашашат. Ушундай эле адамдардын айрымдары абанын табы көтөрүлүп, дыйканчылыкка жана балык уулоого терс таасир бере баштаган аймактарды байырлашат. Бул факторлор аларды климаттык миграцияга үндөп, башка аймактарга көчүүгө мажбурлайт. Ал жакта алардын тилинде сүйлөгөндөр жоктугунан улам башка тилди үйрөнүшөт. Бул абал алардын эне тилинин жоголушуна алып келет.
2021-жылы табигый кырсыктардан улам 24 миллиондой адам жер которгон. 2018-жылы бул сал 19 миллионго жакын болчу. Миграциянын басымдуу бөлүгү Азия-Тынч океан чөлкөмүнө туура келет, ал жердегм аралдарда жайгашкан мамлекеттердин калкы тездик менен азайып баратат.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32227076.html