Маалыматка ылайык, бул үчүн студенттер Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө убактылуу жашоого уруксатын алуу үчүн кайрылышы зарыл.
"Студенттерге мындай мүмкүнчүлүк Россиянын миграциялык мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдүн алкагында берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.
Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын жогорку окуу жайларында 8,5 миңден ашуун кыргыз жараны билим алууда.