Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:26
Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты
12:22
Президент өткөргөн онлайн кеңешмеде Боронов эки көйгөйдү атады
12:17
Өкмөт: "Ганси" базасында эртең дагы 400 кишилик оорукана ачылат
16:29
Коронавирусту кандай адамдар жеңил же симптому жок көтөрөт? Жаңы пикир
16:27
Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди
16:22
Коронавирустан айыккан 73 адам ооруканадан чыкты
16:19
Саламаттык сактоо министри менен орун басары Германияга учуп кеттиби? Расмий жооп
16:02
Өкмөт: дары-дармек сыртка убактылуу чыкпайт деген токтом бар.
16:01
Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады
15:16
Жүрөк жылытат. Карыяга акча чогулткандар медиктерге да жардам берди
15:14
ТИМ: Россиядан кыргызстандык дагы 45 дарыгер учуп келди
15:09
Чет өлкөдөн дары-дармек алып келүүгө чектөө кирген эмес. Өкмөттүн жообу
14:10
Пандемия маалында Кыргызстандан Россияга учуп кетүүнүн жол-жобосу айтылды
12:50
Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды
15:26
COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди
15:23
Меджабдуу, дары-дармек сатып берем дегендер кайда кайрылса болот?
15:15
Боронов: элди чочуткан кабарларга маморгандар ыкчам жооп бериши керек
15:12
Баткен облусунун Лейлекте күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
Бардык кабарлар

АВЛЕТИМ ЭЛИ УЧАК КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛГОНДОРГО КАРАЖАТ ЧОГУЛТТУ

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
685
0

АВЛЕТИМ ЭЛИ УЧАК КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛГОНДОРГО КАРАЖАТ ЧОГУЛТТУЖалпы элди оор түйшүккө салган, 16-январда болуп өткөн каргашалуу окуядан бир топ мекендештерибиз набыт болду. Эң өкүнүчтүүсү каза болгондордун көпчүлүгү эрезеге жете элек жаш балдар экендиги.

 

16-январга караган түнү Дача-СУ конушунда авиакырсыктан курман богондордун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагы жардам колун сунду. Аталган айыл өкмөттө 12 миң калк отурукташкан болсо, жыйналган сумма 115  790 сомду түздү. Айыл өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, жардам көрсөтүү демилгесин айыл калкы көтөрүп чыккан.

 

Бул тууралуу Авлетим айыл өкмөтүнүн төрагасы Анаркул Шырдаков төмөндөгүдөй билдирүү узатты.

 

-Капылет келген кырсык баарыбыздын зээнибизди кейитип, убайга салып отурат. Ар бир кыргыз набыт болгондордун жакындарына жардам берип, жүрөгүнө жакын кабыл алды.  Ошолордун катарын толуктап Авлетим айылындагы эл да колдон келген жардамыбызды берүүнү чечтик. Элден чогултулган акча 77 170 сомду түздү. Бул топтологон сумма көп убакытты талап кылган жок. Бул да болсо жабыр тарткан  мекендештербиз  жалгыз эмес экендигин, аларды артынан колдоп турган эли бар экендигин айгинелейт. Элдик жыйындан сырткары өкмөттүк уюмдардын кошкон салымы 38 620 сом,- дейт Шырдаков.

 

Шырдаковдун сөзүн улай эле Авлетим аймагынын башчысы Нурмырза Абдыраманов кырсыктан каза болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрүн айтып өттү.

 

- Бул турмушта канаты бүтүн шумкар, туягы бүтүн тулпар болбойт экен. Шейит кеткен бир боорлорубуздун жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун. Аз да болсо ушундай оор кырдаалды турмуштук керек жарагына жарап кетеби деген максат  менен ушул ишти уюштуруп жатабыз. Жараткан мындан ары жакшылыгын берсин. Биздин ушул кошкон салымыбызды  аянычтуу оор кырдаалда кабыл алып коюшуңарды өтүнөмү. Авлетим айыл аймагынын  12 миң калкы ар дайым силер  менен  бирге экендигин эсиңерге дагы бир ирет салмакчымын,-деди ал өз билдирүүсүндө.

 

Бөөдө кырсык Кыргыз эли үчүн оор жоготуу болгонун айткан төкмө акын Ысак Барпиев, андагы окуядан улам жардам берүүлөрдү өкмөт чектебесе дейт.

 

-Жалпы кыргыз эл үчүн бул өтө эле оор болду. Албетте буга бирөөнү күнөөлөөгө мүмкүн эмес. Мындай карап көрсөң кыргыз элинин  бири-бирин оор күндөрдө таштабагандыгы бул эл түпкүлүктүү, биримдиктүү экендигин айгинелейт. Жаңылыктардан тынбай көрсөтүп жатышты. Ал жерде набыт болгондорду көрүп мыкаачы, таш боор адам дагы көзүнө жаш алса керек. Ошол жалгыз калган жаш балдарга эл дагы, өкмөт дагы колдон келген жардамын берип жатат. Бул күндөр да өтөт, жоктун орду да толот. Бирок, ошол учурда да өкмөт, эл дагы ушул жакындарын жоготкондорго жардам бергенин токтотпоо керек деп эсептер элем. Тоо борунда жайгашкан Авлетим айылынын эли да аз болсо да материалдык жардамын көрсөтүштү. Жаманчылыкты аманчылык жеңет дегендей, мындан ары тынчтык болсо, жоготуулардын орду толукталып кетер,-дейт төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ысак Барпиев.

 

 

Нуржамал АЙТМЫРЗАЕВА, “Взгляд” Аксы району

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно