Чүчүкулак тартуу аземи 19-январда өттү. Жалпысынан мелдеште 16 курама катышат. Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча төрт командадан турган төрт тайпа түзүлдү.
⠀
А тайпасы: Сауд Аравия, Афганистан, Бахрейн, Тайланд.
B тайпасы: Өзбекстан, Малайзия, Иран, БАЭ.
С тайпасы: Индонезия, Кытай, Ливан, Япония.
D тайпасы: Кыргызстан, Кувейт, Палестина, Оман.
Эске салсак, турнирдин форматы боюнча 1/4 финалга ар бир тайпадан экиден команда чыгат.
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты 16-26 март күндөрү Таиланддын Паттая шаарында өтөт.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/kum-st-nd-g-futbol-boiuncha-aziia-chempionaty-kyrgyzstandyn-ataandashtary-belgil-boldu/