"СССР мезгилиндеги өндүрүштүк кубаттуулуктун сакталышына байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын шарты ар башка экенине байланыштуу айрым тоскоолдуктар болгон. Ушул убакыттын ичинде биз ошол нерселерди жоюу үчүн иштеп келдик. Бул маселе менен Экономикалык соода министрлиги алектенет", - деди Баясов.
Буга чейин kun.uz. сайты автомобилдин 19 түрүн (микроавтобус, пикап, жеңил унаа) чыгара турган завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында куруларын жазган. Ага ылайык, завод жылына 3 миң автомобиль чыгарууну, аны акырындап 30 миңге жеткирүүнү пландоодо. Кыргызстандын Экономика министрлиги азырынча жооп бере элек.
19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен "эң жакынкы арада” келери пландалып жатканын басма сөз жыйында билдирген.
Кулубаев былтыр ноябрда Өзбекстандын башкы дипломаты Владимир Норов Бишкекке келгенде Мирзиёевдин сапарынын күн тартиби, мазмуну деталдуу түрдө талкууланганын, сапарды жаңы жылга чейин уюштуруу планы болгонун, бирок Өзбекстандагы климаттык кырдаалдан улам алар сапарды кийинкиге калтыра турууну суранышканын кошумчалады.
Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.
Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору пландалууда.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32231748.html