32 жаштагы футболчу буга чейин Кыргызстандын Премьер-лигасында ойноп, январдын ортосунда Бишкектин "Дордой” клубу менен келишим түзгөн. Хрипков Кыргызстанда төрөлгөн, профессионалдык карьерасынын башында республиканын жаштар курамасында ойногон.
Андан соң Москвадагы Лев Яшин атындагы "Динамо” академиясында тарбияланып, Казакстандын жана Молдованын жогорку лигасынын клубдарында, Россиянын экинчи жана үчүнчү дивизиондорунда ойноого жетишкен.
Эскерте кетсек, буга чейин футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында Россиянын 35 жаштагы дарбазачы Антон Коченков ойной баштары айтылган.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/dagy-bir-rossiialyk-futbolchu-kyrgyzstandyn-kuramasynda-oinoi-bashtait/