Парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмада шаарында (Португалия) өткөн "Гран-При Алмейда” эл аралык мелдешинде бир алтын жана эки коло медаль жеңген.
Алар Хайитхон Хусан кызы (48 кг) – 1 орун, Алихан Жумагулов (60 кг) – 3 орун жана Маматибрагим Суранов (73 кг) – 3 орун.
Мелдеш 26-январь күнү башталып, 30-январда жыйынтыкталган. Хайитхон Хусан кызы 2021-жылы Жапонияда өткөн паралимпиада оюндарынын катышуучусу болгон.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32252138.html