Иш-чара 4-7-февралда Франкфурт шаарында өтүүдө. Көргөзмөнүн ачылышы 4 февралда өтүп, ага Кыргызстандын кол өнөрчүлүк кеңешинин президенти Нурзат Жээнбек жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөгө катышуусу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы соода программасынын жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstandyk-kol-n-rch-l-r-germaniiadagy-creativeworld-el-aralyk-k-rg-zm-g-katyshuuda/