Маалыматка ылайык, 15-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги — Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. аттуу тургуну кармалды.
"Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 3-бөлүгү, 30-беренесинин 6-бөлүгү, 27-226-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган Р.К.А. ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды, кийинчерээк Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу аракети менен КР УКМК тарабынан жок кылынган", - деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, анын ЭТУ менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/ukmk-izd-d-zh-rg-n-el-aralyk-terroristtik-uiumdun-m-ch-s-karmaldy/