Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
Сурамжылоо: катышуучулардын 80%ы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон
22:27
Акылбек Жапаров: Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө
22:24
Новосибирскте 7 млн рубль уурдоого шектелип жаткан кыргызстандык сот залынан бошотулду
22:22
Балбан Дастан Кадыров Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды
22:20
Гепатит менен күрөшүүдө Россия Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келет
22:19
Режеп Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды
00:47
Футбол боюнча Азия Кубогу U-23: Кыргызстандын тандап алуу оюндарындагы атаандаштары аныкталды
00:44
Москвада Жапаров катышкан ЕЭКтин жыйынында 13 документке кол коюлду. Тизме
00:36
КР министри ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады
22:50
Казак жараны Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө 25 кг күмүш буюмдарды алып чыгууга аракет кылган
22:43
РФ менен КРдин Абадан коргонуучу тутумун түзүү. Мамдума келишимди жактырды
22:38
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
22:31
Президент Садыр Жапаров Москвага барат. Себеби
22:26
Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат
22:02
Психолог кандай адам жалгыздыктан коркорун түшүндүрдү
21:54
Буттун тырмагы жай өсүп калат. Кандагы холестериндин көбөйүшүнүн белгилери
21:22
Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз
16:35
Жапаров: Тажикстан менен достуктун духунда чек араны тактоого дилгирбиз
16:30
Кыргызстандык кыз-келиндер волейбол боюнча Азия зоналдык чемпионатына катышат
22:43
Кызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту
22:41
Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей
15:34
Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга учуп кетти
15:30
Кирешенин 30%ынан ашпаш керек. Адис насыядан туура кутулуунун жолун айтты
21:32
Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады
21:30
Банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү каралууда
21:18
Стоматолог: вейп чеккендердин онкологиялык ооруга чалдыгуу коркунучу жогору
21:34
Сауд Аравия кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар
00:00
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
23:37
Садыр Жапаров Валентина Матвиенко менен жолугушту
23:34
Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү жасады. Урунттуу учурлар
21:11
КР ТИМ башчысы ШКУнун саммитинде бир нече маселе көтөрдү
21:09
Нарында согуш ардагерлерине президенттин атынан 100 миң сомдон берилди
21:06
Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси УКМКнын абагына киргизилди
21:02
Россия Судандан алты кыргызстандыкты эвакуациялады
20:57
КР жарандары долбоорлорун Санкт-Петербургда көрсөтө алат. Катышуу акысыз
20:36
Узакка созулган COVID-19 эмнеси менен кооптуу? Адистердин жообу
13:57
Россия Судандан өзүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын алып чыгууда
13:55
Дарыгер тузду ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
14:17
Германиядагы кыргыз диаспорасына жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды
14:16
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж ТЭН даяр болуп, болжолдуу чыгымдар аныкталды
14:15
Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол жаатында кызматташат. Документке кол коюлду
14:12
Бөлтүрүк жана башка кармалгандар мамлекетке 844,5 млн. сом төктү
16:55
Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду
15:10
Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды
23:04
Бокс боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат. Тизме
Бардык кабарлар

Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды

Жаңылыктар / Интеграция
1 023
0

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-сапардын жүрүшүндө жетекчилер Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын реконструкциялоо иштери менен таанышып, андан соң эки тараптуу жолугушуу менен уланды.

Жолугушуу учурунда Чыңгыз Эсенгул уулу мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү маданият экендигин баса белгилеп, Кыргызстан Өзбекстан менен маданий кызматташтыкты бекемдөөгө, кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдады.

"Биздин негизги максат эки элдин ынтымагын бекемдөө, маданиятын жайылтуу болуп саналат. Өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу абдан маанилүү. Ал үчүн эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдөө – биздин мүдөө жана максат. Бул үчүн Кыргызстандын көп тармактуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ар убакта даяр жана кызыкдарбыз”, - деп билдирди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Ал эми Өзбекстандын маданият министринин орун басары Баходир Ахмедов бул иштер эки өлкөнүн ортосундагы биримдиктин жана достуктун көрсөткүчү экендигин ырастап, төмөнкүлөргө токтолду.

"Эзелтен кыргыз жана өзбек эли бир багытта иш алып барган, карым-катнашы жана достугу бекем. Мындан ары да эки элдин маданиятын бириктирип, өнөр талаасы кеңейүүдө. Театр колдонууга берилген соң, маданият кызматкерлерибиздин алакасын бекемдеп, маданиятыбызды эриш-аркак жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Спектаклдер сахналаштырылып, эки элдин ортосундагы ынтымак дагы да жогорку деңгээлге чыгат”, - деп билдирди Баходир Ахмедов.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки өлкөнүн маданий мекемелеринин катышуусунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын салтанатуу ачылышына карата даярдыктар талкууланып, аны ачуу сценарийи сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, Баходир Ахмедов Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Өзбекстанда бир катар иш-чаралар өтөрүн айтып, анда салтуу музыка өнөрү, айтыш жана эстрада жанрындагы фестивалдарга Кыргызстандын өнөр адамдарын катышууга чакырды.

Тарыхы жана маданияты орток эки мамлекеттин биргелешкен маданий-агартуу иш-чараларын уюштуруп өткөрүү жакынкы арада дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылмакчы.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын реконструкциялоо иштери башталган. Долбоор үчүн жалпысынан 5 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Реконструкциялоо иштери эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашты.

Бул жолугушууга эки тараптын тиешелүү өкүлдөрү катышты.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstan-zhana-zbekstandyn-ortosundagy-madanii-kyzmattashtyk-talkuulandy/скачать dle 11.0фильмы бесплатно