Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 2017-жылдын 19-февралында саат 05:30дар чамасында кар көчкү түшүп, натыйжасында 2 турак үйдү басып калган. Жергиликтүү тургундары тарабынан 1-үйдөн 6 адам куткарылып 2-үйдө 7 адам болгон 5 адам куткарылган, 2 жаш баланын соогу табылды. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Равшан Рысбаев башчылыгында түзүлгөн ыкчам топ окуя катталган жерге чыгып кеттишти. 30дан ашуун КР ӨКМдин куткаруучулары тартылды. Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов буйругу менен Ош облусунун бириккен кампасынан гуманитардык жардам бөлүнүп, Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылына жеткирилди.
Жанна Аскарова
Ош.